Алтынбек Рысбеков: Кышында электр энергиясы өчүрүлбөйт
Кышында электр жарыгы маал-маалы менен өчүрүлбөйт. Бул тууралуу Энергетика министри Алтынбек Рысбеков билдирди.
Рысбековдун айтымына караганда, учурда күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүп жатат жана калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча бардык чаралар көрүлүүдө.
Ошол эле учурда министр авариялык кырдаалдар жаралышы мүмкүн экенин белгилеп, мындай учурларда көйгөйлөрдү ыкчам жоюу үчүн атайын топтор күчөтүлгөн режимде иштей турганын айтты.