Чаткалда жаңы ГЭСтин курулушу башталды
Чаткал районунда “Грант Холдинг” ЖЧКсы тарабынан кубаттуулугу 160 мегаватт болгон гидроэлектр станциясынын курулушу башталды. Бул тууралуу аталган райондун админстрациясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Чаткал райондук админстрациясынын жетекчиси Алтынбек Сеңирбаев курулуш жүрүп жаткан аймакка барып, аткарылып жаткан иштер менен жеринен таанышты.
Аталган ири инвестициялык долбоор ишке ашкандан кийин райондун энергетикалык мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, инфраструктураны өнүктүрүүгө жана аймактын социалдык-экономикалык өсүшүнө олуттуу салым кошот.
Район жетекчилиги долбоорлордун үзгүлтүксүз жана сапаттуу ишке ашырылышына өзгөчө көңүл буруп, бардык жаралган маселелерди тиешелүү мекемелер менен биргеликте ыкчам чечүү багытында иш алып барууда.