Бишкекте, Кара-Балтада электр энергиясы убактылуу өчүп-күйдү, себеби такталууда

Бишкекте, Кара-Балтада электр энергиясы убактылуу өчүп-күйдү, себеби такталууда

Бүгүн Бишкек шаарында жана өлкөнүн айрым аймактарында электр энергиясы бир нече саатка өчүп, тургундар убактылуу жарыксыз калышты.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» (КУЭТ) ишканасынын маалыматына ылайык, 220 кВ чыңалуудагы «Кара-Балта – Главная» жана «Главная – Шу» аба электр берүү чубалгылары өчкөн.

Мунун натыйжасында керектөөчүлөрдү автоматтык түрдө өчүрүү тутуму ишке кирип, электр энергиясы бир катар аймактарда убактылуу үзгүлтүккө учураган.

Учурда КУЭТтин адистери электр энергиясын калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жаткандыгы жана технологиялык бузулуунун себептери такталып жаткандыгы маалымдалды.

Бишкектин электр жарыгы аварияга учураганда суу дагы токтогондугу маалым болгон. “Бишкек суу канал” ишканасы билдиргендей, учурда адистер насостук станцияларды кол менен ишке киргизип жатышат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Энергетика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Японияда депутатка шаардык кеңештин жыйындарына беткап менен катышууга уруксат берилди

Нарын шаарында жылуулук берүү 30 откана аркылуу жүргүзүлүүдө

Касымалиев COP31 алкагындагы Лидерлердин саммитинин ачылышына катышты

Кыргыз-өзбек айыл чарба министрлери кызматташуу боюнча сүйлөшүштү

Өз графиги жана маршруту: курьердин бир күнү