Электр энергиясын керектөө рекорддук көрсөткүчкө жетти

Электр энергиясын керектөө рекорддук көрсөткүчкө жетти

Аптаптуу ысыктан улам 19-июлда  өлкө боюнча 50 млн 122 миң кВт/саат электр энергиясы керектелген. Былтыр ушул күнү бул көрсөткүч 42 миллион 514 миң кВт/саат эле. Жыл ичинде керектөө 7 млн 608 миң кВт/саатка же 18%ге өстү. Бул тууралуу “Улуттук электр тармагы” ишканасынан билдиришти.

"Буга кондиционерлердин жана башка климаттык жабдуулардын массалык түрдө колдонулушу себеп. Абанын температурасы 45 градуска жеткенде электр зымдардын өткөрүү мүмкүнчүлүгү 25%ге чейин төмөндөп, жабдууларга күч келүүдө. Авария жана жабдуулардын иштен чыгышын алдын алуу үчүн Бишкек менен Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясы эки сааттай өчүрүлүшү мүмкүн”, -дейт "Улуттук электр тармагы" ишканасынан.

Энергетиктер күндүз электр энергиясына суроо-талап эң жогору болгон маалда аны мүмкүн болушунча үнөмдөөгө чакырышат.

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Бука – Касан унаа жолунун 12 чакырымы толугу менен асфальтталды

Ала-Бука – Касан унаа жолунун 12 чакырымы толугу менен асфальтталды

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука – Касан унаа жолунун быйылкы жылга пландалган 5,5 чакырым тилкесине асфальт-бетон төшөө иштери толугу менен аяктады. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, жол куруу иштери №17 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан белгиленген графикке ылайык, курулуштун сапат талаптарын сактоо менен жүргүзүлдү. Аталган жолдун жалпы 12 чакырымына

Жалал-Абадда көп кабаттуу үйдүн курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды

Жалал-Абадда көп кабаттуу үйдүн курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды

Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин Жалал-Абад региондук башкармалыгы шаардагы көп кабаттуу турак жайга текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, текшерүү Байзаков көчөсү, 46 дарегинде курулуп жаткан объектте өткөрүлүп, техникалык талаптардын бузулганы аныкталды. Белгиленгендей, курулуш иштери бекитилген долбоордук документациядан четтөө менен жүргүзүлгөн. Ошондой эле

Ошто агроөнөр жай тармагын өнүктүрүү боюнча көчмө жыйын өттү

Ошто агроөнөр жай тармагын өнүктүрүү боюнча көчмө жыйын өттү

6-7-август күндөрү Ош шаарында Дүйнөлүк банктын каржылоосунда министрлик тарабынан ишке ашырылып жаткан "Ош облусунун жана Ош шаарынын аймактык экономикалык өнүгүүсү" долбоорунун алкагында Өндүрүмдүү өнөктөштүк комитетинин көчмө жыйыны өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Жыйынга министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев жана Комитеттин мүчөлөрү катышты. Көчмө жыйындын

Бишкектеги 10-кичирайондо убактылуу суу токтотулат

Бишкектеги 10-кичирайондо убактылуу суу токтотулат

12-августта саат 09:00дөн саат 17:00гө чейин 10-кичирайондун бир бөлүгүндөгү турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде, ошондой эле башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына караганда, суу менен жабдуунун убактылуу токтотулушу 10-кичирайондогу откананын суу