Электр энергиясы күндүн ысыктыгына байланыштуу өчүрүлүп жаткандыгы маалымдалды

Электр энергиясы күндүн ысыктыгына байланыштуу өчүрүлүп жаткандыгы маалымдалды

“Кыргызстан улуттук электр тармагы” компаниясына караштуу Бишкек электр тармактар ишканасы маалымат таратып, Бишкек шаарында жөнгө салуу максатында жарыкты өчүрүү чараларына түшүндүрмө берди. 

Маалыматка ылайык, абанын температурасынын адаттан тыш жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын аймагында электр энергиясын керектөөнүн болуп көрбөгөндөй өсүшү катталды. Ишкана эң жогорку чекке жеткен керектөөнү буга мисал катары келтирген.

19-июлда суткалык керектөө жаңы тарыхый максималдуу чекке жетип, 50 млн 122 миң кВт/саатты түздү. Былтыркы жылы бул күнкү көрсөткүч 42 млн 514 миң кВт/саат болгон. 

Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым аймактарында ашыкча керектөөдөн улам жабдыктар иштен чыкпашы үчүн электр энергиясы күнүнө эки сааттан өчүрүлөрү кабарланган. Керектөөчүлөр маал-маалы менен өчүрүүнүн убактысы кээ күндөрү үч-төрт саатка созулуп кетип жатканын кабарлашууда.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media