Күйүүчү майга байланышкан инвестициялык долбоорду ишке ашыруу талкууланды

Күйүүчү майга байланышкан инвестициялык долбоорду ишке ашыруу талкууланды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков бүгүн "Борбор Азия энергетикасы" жоопкерчилиги чектелген коомунун өкүлдөрү менен бензин жана дизелге байланышкан инвестициялык долбоорду ишке ашыруу маселесин талкуулады.

Отурумда жакында эле кол коюлган Министрлер Кабинети менен "Борбор Азия энергетикасы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык макулдашуунун долбоорунун ишке ашырылышы каралды. 

Макулдашууга ылайык, Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында К-5 жана К-6 экологиялык стандарттарына жооп берген бензин, дизель, битум, мотор майын өндүрүүчү жана колдонулган майды кайра иштетүүчү мунайды кайра иштетүүчү заводду куруу жана эксплуатациялоо боюнча инвестициялык долбоор ишке ашырылат.

Заводдун долбоордук кубаттуулугу жылына 450 миң тонна мунай продуктуларын чыгарууну түзөт жана 300гө жакын жаңы жумуш орундары түзүлөт. Заводду куруу жана ишке киргизүү иштеринин биринчи этабын үстүбүздөгү жылдын күз айларына карата аяктоо пландалууда. 

Жыйында завод үчүн өлкөгө импорттоло турган технологиялык жабдууларды алып келүү, бензин жана дизель отуну үчүн улуттук экологиялык стандартты иштеп чыгуу жана бекитүү, ошондой эле долбоорду ишке ашыруудагы курулуштун сапаты менен мөөнөтү сыяктуу маселелер талкууланып, тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырмалар берилди.

Эрлист Акунбеков - Министрлер Кабинети мамлекетке инвестиция салууга кызыкдар ишкерлер менен кызматташууга дайым даяр экенин белгилеп, ошол эле учурда бардык өндүрүш процесстери КРнын тийиштүү мыйзамдарынын талаптарына жооп берүүсүн, эл аралык стандарттарды сактоонун жогорку деңгээлин камсыз кылуу керектигин айтты.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media