Энергетика министрлиги: Кыргызстанда электр энергиясын керектөө азайды

Энергетика министрлиги: Кыргызстанда электр энергиясын керектөө азайды

Кыргызстанда өткөн суткада электр энергиясын керектөө 48,4 млн кВт/саатты түздү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч мурунку күндөргө салыштырмалуу электр энергиясын керектөө көлөмүнүн төмөндөгөнүн көрсөтөт.

2026-жылдын 22-июлуна карата өлкөнүн энергетика тутуму штаттык режимде иштеп жатат. Электр тармактарында ашыкча жүктөмдөр жана технологиялык бузулуулар катталган эмес.

Ошондой эле алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында электр тармактарынын объектилеринде пландуу оңдоо иштери уланууда.

Министрлик белгилегендей, пландуу оңдоо иштеринин графиги менен керектөөчүлөр "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКнын расмий сайтынан жана "Мой свет" мобилдик тиркемеси аркылуу тааныша алышат.

Энергетиктер жарандарды, өзгөчө электр тармагына күч келген сааттарда, электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырышты. Бул энергетика тутумунун туруктуу жана ишенимдүү иштешине өбөлгө түзөрү белгиленди.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Энергетика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Финансы министрлигинде демилгелүү бюджеттөө боюнча семинар өттү

ИИМ башчысы Астанада эл аралык конференцияга катышууда

Мамлекеттик сатып алууларда эң арзан баа эмес, эң пайдалуу сунуш тандалышы мүмкүн

Кыргызстан менен Россия ветеринария тармагындагы кызматташтыкты кеңейтет

Баткен облусунун 10 айылына таза суу берилди