Энергетика министрлиги күз-кышка даярдык маселесин талкуулады

Энергетика министрлиги күз-кышка даярдык маселесин талкуулады

Күн мурун энергетика министри Алтынбек Рысбековдун төрагалыгы алдында өлкөнүн энергетикалык комплексин 2026-2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча кеңейтилген жыйын өттү.

Жыйынга Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, мамлекеттик администрациялардын жетекчилери, тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү, ошондой эле энергетикалык компаниялардын жетекчилери катышты.

Кеңешмеде энергетика объектилерин күз-кыш мезгилине даярдоо, оңдоо иштеринин жүрүшү, электр тармактарынын, көмөк чордондордун жана жабдуулардын даярдыгы, авариялык-оңдоо кызматтарынын ишке даярдыгы, ошондой эле керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер каралды.

Министр Алтынбек Рысбеков бардык пландалган оңдоо иштерин белгиленген мөөнөттө аяктоо, энергетикалык объектилердин даярдыгын күчөтүлгөн көзөмөлгө алуу, авариялык бригадалардын даярдыгын камсыз кылуу жана материалдык-техникалык запастарды өз убагында толуктоо боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

Ошондой эле аймактарда күз-кышка даярдык иштеринин жүрүшүнө өзгөчө көңүл буруу жана бардык иш-чаралардын сапаттуу аткарылышын камсыз кылуу тапшырылды.

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Бука – Касан унаа жолунун 12 чакырымы толугу менен асфальтталды

Ала-Бука – Касан унаа жолунун 12 чакырымы толугу менен асфальтталды

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука – Касан унаа жолунун быйылкы жылга пландалган 5,5 чакырым тилкесине асфальт-бетон төшөө иштери толугу менен аяктады. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, жол куруу иштери №17 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан белгиленген графикке ылайык, курулуштун сапат талаптарын сактоо менен жүргүзүлдү. Аталган жолдун жалпы 12 чакырымына

Жалал-Абадда көп кабаттуу үйдүн курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды

Жалал-Абадда көп кабаттуу үйдүн курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды

Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин Жалал-Абад региондук башкармалыгы шаардагы көп кабаттуу турак жайга текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, текшерүү Байзаков көчөсү, 46 дарегинде курулуп жаткан объектте өткөрүлүп, техникалык талаптардын бузулганы аныкталды. Белгиленгендей, курулуш иштери бекитилген долбоордук документациядан четтөө менен жүргүзүлгөн. Ошондой эле

Ошто агроөнөр жай тармагын өнүктүрүү боюнча көчмө жыйын өттү

Ошто агроөнөр жай тармагын өнүктүрүү боюнча көчмө жыйын өттү

6-7-август күндөрү Ош шаарында Дүйнөлүк банктын каржылоосунда министрлик тарабынан ишке ашырылып жаткан "Ош облусунун жана Ош шаарынын аймактык экономикалык өнүгүүсү" долбоорунун алкагында Өндүрүмдүү өнөктөштүк комитетинин көчмө жыйыны өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Жыйынга министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев жана Комитеттин мүчөлөрү катышты. Көчмө жыйындын

Бишкектеги 10-кичирайондо убактылуу суу токтотулат

Бишкектеги 10-кичирайондо убактылуу суу токтотулат

12-августта саат 09:00дөн саат 17:00гө чейин 10-кичирайондун бир бөлүгүндөгү турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде, ошондой эле башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына караганда, суу менен жабдуунун убактылуу токтотулушу 10-кичирайондогу откананын суу