Көмүрдүн баасы кымбаттайбы?

Көмүрдүн баасы кымбаттайбы?

Акыркы кездерде Кыргызстанда көмүр өндүрүү көбөйүп, кирешеси артып жаткандыгы айтылып келет. “Кыргызкөмүр” ишканасы өз күчү менен сапаттуу көмүр казып, элди кышында жеткиликтүү камсыздайбыз деп убада беришүүдө. "Ишкер" медиа сайты “Кыргызкөмүр” ишканасынын жетекчиси Рустамбек Садыралиевди кепке тартты.

– “Кыргызкөмүр” ишканасында сиз кызматка келгенден тарта кандай өзгөрүүлөр болду?

– Азыркы тапта күз-кышка даярдык кызуу жүрүүдө. Көмүр өндүрүш үчүн 6 ай ичинде 5 млн 314 миң жер кыртышын тазалап рекорддук көрсөткүчкө жеттик. Дагы да аракетибизди көрө берсек, 1,5 млн тонна көмүр өндүрүү мүмкүнчүлүгүбүз бар.

– Ишкананын кирешеси канча? 

– 2024-жылы таза киреше 333 млн сом болду. 2025-жылы 511 млн сомго жетти. Быйылкы 6 айдын жыйынтыгы чыгарыла элек. Азыркы учурда эсепчилер акчанын суммасын чыгарууда.

– “Кыргызкөмүр” ишкансы канча көмүр өндүрдү?

– Жылдын аягына чейин 700-800 миң тонна кара алтын өндүрөбүз. Кыргызстандын көмүргө талабы 3 млн 300 миң тоннаны түзөт. 

– Кыргызстандын түндүк аймагын “Кара-Кече”, “Ак-Улак” көмүр кендери камсыздайт. Бишкек ЖЭБине 700 миң тонна көмүр керектелет. 200 миң тонна бюджеттик мекемелерге колдонулат. Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас жана Бишкекке 2 млн тоннага жакын керек.

– Кыргызстандын кайсы аймактарында кара алтын өндүрүп жатасыздар?

– Нарындагы "Кара-Кече", "Ак-Улак", Жалал-Абадда "Маркай", "Тегене", "Тулек", Сүлүктүдө "Он бир талаа", Алайда "Кожокелең", "Загара", Баткенде "Урмизам", Ноокатта "Беш-Буркан" кендерибиз бар.

– “Кыргызкөмүр” ишканасынын кышка даярдыгы кандай?

– Министрлер Кабинети бизге тапшырма берген. Бишкек ЖЭБин 725 миң тонна көмүр менен камсыз кылуубуз керек. Ошондой эле жеке ишкерлер менен биргеликте аймактарда социалдык көмүр кампаларын ачууну көздөп жатабыз.

– Көмүрдүн баасы кандай болот эми? 

– Бүгүнкү күндө Кара-Кечеде кара алтындын баасы 3 миң сом. Антимонополия кызматы орток бааны эсептеп, көмүрдүн баасын чыгарат. Былтыр кышында көмүрдүн тоннасы 6600 сомдү түзгөн. Быйыл кара майдын баасынын жогорулашына байланыштуу көмүрдүн баасы да кымбатташы мүмкүн.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media