Токтогулда 2 млн сомго жакын каражатка электр мамылары алмаштырылууда

Токтогулда 2 млн сомго жакын каражатка электр мамылары алмаштырылууда

Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекциясы тарабынан А. Сүйөркулов айыл аймагына караштуу Бел-Алды, Сары-Сөгөт, Коргон жана Көтөрмө айылдарындагы эскирген жыгач мамыларды жаңылоо максатында керектүү электр жабдуулары толугу менен сатып алынып, айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилди.

Токтогул райондук админстрациясынын маалыматына ылайык, айыл аймагына жеткирилген жабдуулардын тизмеси:

СВ-95 темир-бетон электр мамычалары  –133 даана;

0,4 кВ траверсалар  –113 даана;

ТФ-20 изоляторлору – 532 даана;

А-35 электр зымы – 16 660 метр

Жалпы суммасы: 1 955 450 сом.

 

Мындан тышкары окуңуз

ЭКУ өлкөлөрү биргелешкен завод ачууну талкуулады

ЭКУ өлкөлөрү биргелешкен завод ачууну талкуулады

Экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов Душанбеде өткөн Экономикалык кызматташтык уюмунун өнөр жай боюнча IV министрлер кеңешмесине катышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, жыйында ал Кыргызстандын өнөр жай кооперациясы боюнча артыкчылыктуу багыттарын баяндады. 2026-жылдын 8 айында ИДП 1 трлн 396,8 млрд сомду түзүп,

Ишкер Media
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ТМУнун жыйынына катышты

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ТМУнун жыйынына катышты

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түрк мамлекеттер уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин бейрасмий жыйынына катышты. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалым болгондой, жыйында ТМУнун күн тартибиндеги маселелер жана алдыдагы 13-Саммитке даярдык талкууланды. Министр Кулубаев Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук

Ишкер Media
Кыргызстан менен Азербайжан соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Азербайжан соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулады

25-сентябрда экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов Азербайжандын экономика министринин биринчи орун басары Эльнур Алиев менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушууда соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү, соода жүгүртүүнү көбөйтүү, логистикалык инфраструктураны жана энергетика тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, биргелешкен инвестициялык долбоорлор талкууланды. Тараптар жетишилген макулдашууларды

Ишкер Media
Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча үчүнчү раунддук сүйлөшүүлөр Алматыда өттү

Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча үчүнчү раунддук сүйлөшүүлөр Алматыда өттү

Алматы шаарында Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан ортосунда Камбар-Ата-1 ГЭСин биргелешип куруу боюнча өкмөттөр аралык макулдашуунун долбооруна арналган үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн 3-раунду өттү. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөргө үч өлкөнүн ТИМ, энергетика, каржы, суу ресурстары тармагынын өкүлдөрү катышты. Кыргызстандан делегацияны энергетика министринин орун басары Салават

Ишкер Media