Энергетика министрлигине 50,8 млн сомдук техникалар тапшырылды

Энергетика министрлигине 50,8 млн сомдук техникалар тапшырылды

Энергетика министрлиги өлкө тургундарын жана керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында материалдык-техникалык базаны системдүү түрдө чыңдоону улантууда. Бул багытта электр тармактарынын атайын техника паркы заманбап техникалар менен толукталууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-июлда Энергетика министри Алтынбек Рысбеков “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын филиалдары үчүн алынган жалпы суммасы 50,8 млн сомду түзгөн 8 даана кран-манипулятордун жана 4 даана ЖАК Т-8 үлгүсүндөгү бригадалык унаанын ачкычтарын салтанаттуу түрдө тапшырды.

Иш-чарада министр техникалык паркты жаңылоо энергетика тармагынын ишенимдүүлүгүн арттырууда, күз-кыш мезгилине сапаттуу даярдык көрүүдө жана энергетиктер үчүн коопсуз, заманбап эмгек шарттарын түзүүдө өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.

 

Мындан тышкары окуңуз

ЭКУ өлкөлөрү биргелешкен завод ачууну талкуулады

ЭКУ өлкөлөрү биргелешкен завод ачууну талкуулады

Экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов Душанбеде өткөн Экономикалык кызматташтык уюмунун өнөр жай боюнча IV министрлер кеңешмесине катышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, жыйында ал Кыргызстандын өнөр жай кооперациясы боюнча артыкчылыктуу багыттарын баяндады. 2026-жылдын 8 айында ИДП 1 трлн 396,8 млрд сомду түзүп,

Ишкер Media
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ТМУнун жыйынына катышты

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ТМУнун жыйынына катышты

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түрк мамлекеттер уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин бейрасмий жыйынына катышты. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалым болгондой, жыйында ТМУнун күн тартибиндеги маселелер жана алдыдагы 13-Саммитке даярдык талкууланды. Министр Кулубаев Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук

Ишкер Media
Кыргызстан менен Азербайжан соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Азербайжан соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулады

25-сентябрда экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов Азербайжандын экономика министринин биринчи орун басары Эльнур Алиев менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушууда соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү, соода жүгүртүүнү көбөйтүү, логистикалык инфраструктураны жана энергетика тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, биргелешкен инвестициялык долбоорлор талкууланды. Тараптар жетишилген макулдашууларды

Ишкер Media
Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча үчүнчү раунддук сүйлөшүүлөр Алматыда өттү

Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча үчүнчү раунддук сүйлөшүүлөр Алматыда өттү

Алматы шаарында Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан ортосунда Камбар-Ата-1 ГЭСин биргелешип куруу боюнча өкмөттөр аралык макулдашуунун долбооруна арналган үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн 3-раунду өттү. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөргө үч өлкөнүн ТИМ, энергетика, каржы, суу ресурстары тармагынын өкүлдөрү катышты. Кыргызстандан делегацияны энергетика министринин орун басары Салават

Ишкер Media