Курсантбек Өмүрбеков Энергетика министринин орун басары болуп дайындалды

Курсантбек Өмүрбеков Энергетика министринин орун басары болуп дайындалды

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин тескемеси менен Курсантбек Өмүрбеков Энергетика министринин биринчи орун басары кызмат ордуна дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты.

Курсантбек Өмүрбеков Энергетика тармагында 20 жылга жакын эмгектенип келет. Бул мезгил аралыгында мамлекеттик башкаруу системасында жана энергетика тармагынын өндүрүштүк багытында бир катар жооптуу кызматтарды аркалаган. 2022-жылы Энергетика министрлигине караштуу энергетикалык көзөмөл кызматынын жетекчиси болуп иштеген. 2024-2025-жылдары Энергетика министринин орун басары кызматын аркалап, кийинчерээк министрдин биринчи орун басары болуп дайындалган. 2025-жылы “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун башкы директору кызматында иштеген.

Курсантбек Өмүрбеков эки жогорку билимге ээ:

2003–2008-жылдары – И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин аяктаган, адистиги  – “Инженер-энергетик”

2022–2024-жылдары – Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин “Менеджмент” багыты боюнча магистратурасын аяктаган.

Мындан тышкары окуңуз

2027-жылы кайсы тармакка канча акча бөлүнөт?

2027-жылы кайсы тармакка канча акча бөлүнөт?

Кыргызстанда 2027-жылга карата республикалык бюджеттин кирешеси 727,3 млрд сом деп пландалууда. Бул 2026-жылга салыштырмалуу 176,1 млрд сомго же 31,9%га көп. Анын ичинде салыктык кирешелер 634 млрд сомду түзөт. Бул тууралуу кече Министрлер Кабинетинин жыйынында "Кыргыз Республикасынын 2027-жылга жана 2028–2029-жылдардын пландык

Ишкер Media
Фермерлер насыяны онлайн алат: "iDyikan" толук санариптештирилет

Фермерлер насыяны онлайн алат: "iDyikan" толук санариптештирилет

Фермерлер банкка барбай, документ чогултпай, кезек күтпөй насыя ала турган формат каралууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, "iDyikan" платформасын толук онлайн-кредиттөөгө өткөрүү маселеси министрдин орун басары Мирбек Дүйшеевдин катышуусунда банк өкүлдөрү менен талкууланды. Учурда платформада фермерлер катталып, электрондук арыз берет жана онлайн-кезекке туруп,

Ишкер Media
Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

24-сентябрда Бишкекте атом энергетикасы жана өнөр жайынын ардагерлеринин эл аралык союзунун колдоосу менен КРнын Энергетикасынын ардагерлер кеңеши” коомдук бирикмеси тарабынан “Кыргыз Республикасында атом энергетикасын жана технологияларын өнүктүрүүнүн келечеги” аталышындагы эл аралык семинар болуп өттү.   Иш-чарага Кыргызстандын атомдук жана энергетика тармактарынын ардагерлери, “Росатом” мамкорпорациясынын коомдук кеңешинин мүчөлөрү, коомдук уюмдардын

Ишкер Media
"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жетекчи айымдар үчүн уюштурулган программанын экинчи этабы аяктап, ийгиликтүү катышуучуларга сертификат жана статуэтка тапшырылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги кабарлады. Маалыматка ыдайык, сыйлангандардын катарында Жаратылыш министринин орун басары Асель Раимкулова, Адам ресурстары башкармалыгынын башчысы Асель Карымбаева бар. Программа санарип платформалар, AI жана аналитика, санариптик коммуникация боюнча

Ишкер Media