Кытайлык инвесторлор Кадамжайда жаңы өндүрүш долбоорлорун сунуштады

Кытайлык инвесторлор Кадамжайда жаңы өндүрүш долбоорлорун сунуштады

Кадамжай районунда "Jinhua City Xignong Steel Structure Engineering Co., Ltd." компаниясынын өкүлдөрүнүн (инвесторлордун) катышуусунда жергиликтүү жеке ишкерлер, дыйкан-фермерлер жана башка кызыкдар тараптар менен ишкердик жолугушуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Жолугушууда компания өкүлдөрү өздөрүнүн ишмердүүлүгү жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берип, өнөр жай жана коммерциялык багыттагы ири өндүрүштүк долбоорлорун тааныштырышты.

Тактап айтканда, заманбап логистикалык борборлорду, күнөскана комплекстерин жана башка өндүрүштүк-инфраструктуралык объектилерди куруу пландары сунушталды.

Мындан тышкары, тараптар инвестицияларды тартуу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана узак мөөнөттүү өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында мындай кызматташтык Кадамжай районунун инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана аймактын экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзөрү белгиленди.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Энергетика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Японияда депутатка шаардык кеңештин жыйындарына беткап менен катышууга уруксат берилди

Нарын шаарында жылуулук берүү 30 откана аркылуу жүргүзүлүүдө

Касымалиев COP31 алкагындагы Лидерлердин саммитинин ачылышына катышты

Кыргыз-өзбек айыл чарба министрлери кызматташуу боюнча сүйлөшүштү

Өз графиги жана маршруту: курьердин бир күнү