Бишкектин айрым жерлеринде газ өчүрүлөт
“Бишкекгаз” кызматы орто басымдагы жер алдындагы газ түтүгүндө оңдоо иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу 5-августтан 7-августка чейин айрым райондордо жаратылыш газы берилбей турганын маалымдады.
Газ берүү төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта токтотулат:
Лермонтов көчөсү, темир жол, Ленин көчөсү, Калинин көчөсү, Жибек Жолу проспектиси, ЧЧК, “Энергетиктер шаарчасы”, “Аламүдүн-1” кичирайону, “Куруучулар шаарчасы”, “Учкун”кичирайону, “Учкун” турак жай массиви, АГНКС жана “Бишкек Сүт” аймактары.
“Бишкекгаз” убактылуу ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, газ өчүрүлгөн мезгилде абоненттерден энергиянын башка булактарын колдонууну өтүндү.