Нарындагы эки конушка 3,5 млн сомго мамылар орнотулуп, аба чубалгылары тартылды

Нарындагы эки конушка 3,5 млн сомго мамылар орнотулуп, аба чубалгылары тартылды

Нарын шаарындагы Ак-Коргон аймагында жайгашкан Кызыл-Сарай жана Таш-Кыя жаңы конуштарынын жашоочуларын сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо максатында электр тармактарын жаңылоо иштери ийгиликтүү аяктады. Натыйжада 35 абоненттин электр менен камсыз болуу шарттары кыйла жакшырды. Бул тууралуу Нарын электр тармактар ишканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, долбоорду ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бийлик тарабынан 3,5 миллион сом бөлүнүп, бул каражатка СВ-105 үлгүсүндөгү темир-бетон мамылар жана жалпы узундугу 3,5 чакырымды түзгөн СИП-2 үлгүсүндөгү өзүн өзү көтөрүүчү изоляцияланган аба чубалгылары сатылып алынды.

Электр мамыларын орнотуу, аба чубалгыларын тартуу жана тармакты ишке берүү иштерин “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын филиалы – Нарын электр тармактар ишканасынын адистери өз убагында жана сапаттуу аткарышты.

Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында электр тармагы заманбап техникалык талаптарга ылайык жаңыланып, жашоочулар коопсуз, сапаттуу жана туруктуу электр энергиясы менен камсыз болушту.

Мындан тышкары, аймактагы электр жүктөмүн азайтып, электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын өздүк каражаттарынын эсебинен кубаттуулугу 630 кВА болгон шаар тибиндеги заманбап көмөк чордон орнотулду.

Мындан тышкары окуңуз

Кызыл-Кыяда курулуш талаптарын бузган жеке ишкерге чара көрүлдү

Кызыл-Кыяда курулуш талаптарын бузган жеке ишкерге чара көрүлдү

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жеке менчик жер тилкесинде салынып жаткан эки кабаттуу соода борборунун курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кулатов көчөсүндө жайгашкан объекттеги иштер тиешелүү уруксат берүүчү жана долбоордук документтер таризделбестен жүргүзүлгөн. Жер казууда

Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

Бишкекте 11-августта Тоголок Молдо көчөсүнүн Фрунзе көчөсүнөн Абдымомунов көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Калаа мэриясынын билдиришкендей, аталган тилкеде бул убакта курулуш иштери жүргүзүлөт. Ал эми Фрунзе жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилиши кайрадан унаалар үчүн ачылат. Мэрия айдоочуларды жол кыймылындагы убактылуу өзгөрүүлөрдү эске алып, жол белгилеринин талаптарын так

Ошто 13,5 млн еврого эне-балага арналган медициналык борбор курулуп жатат

Ошто 13,5 млн еврого эне-балага арналган медициналык борбор курулуп жатат

Ош шаарында эне-бала саламаттыгын коргоого багытталган Перинаталдык борбордун курулушу башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор Германиянын өнүктүрүү банкынын (KfW) 13,5 млн евро өлчөмүндөгү гранттык каражатынын эсебинен ишке ашырылууда. Аталган борбор 249 орунга ылайыкталып, кош бойлуу аялдарга, төрөттөн кийинки энелерге жана ымыркайларга

Валюталардын бүгүнкү курсу: юань өстү, доллар өзгөргөн жок

Валюталардын бүгүнкү курсу: юань өстү, доллар өзгөргөн жок

Улуттук банк 8-августка карата валюталардын расмий курсун жарыялады. Ага ылайык, доллардын курсу өзгөрүүсүз, тагыраагы 87,4500 сом бойдон калды. Евро 100,9435 сомдон 100,7730 сомго түшүп, 0,17%га төмөндөдү. Ал эми рублдин курсу 1,0652 сом деп белгиленип, 1,36%га түштү. Теңге болсо 0,1871 сомдон