Орто-Токой ГЭСинде негизги курулуштардын бири жыйынтыкталды

Орто-Токой ГЭСинде негизги курулуштардын бири жыйынтыкталды

Орто-Токой ГЭСиндеги 110 кВ ачык бөлүштүрүүчү түзмөктүн жана 110 кВ аба электр чубалгысынын курулушу аяктап, кубаттуулугу 25 миң кВА болгон трансформатор орнотулду. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

"Чакан ГЭС" ачык акционердик коомунун маалыматына ылайык, бул иштер өндүрүлгөн жарыкты өлкөнүн энергетикалык тутумуна ишенимдүү өткөрүп берүүнү камсыздайт.

Белгиленгендей, курулуштун эң татаал баскычы аба электр чубалгысын дарыянын үстү аркылуу өткөрүү болду. Иштер суунун агымы секундасына 50 куб метрге чейин жеткен шартта жүргүзүлүп, атайын техниканын жардамы менен ийгиликтүү аяктаган.

Учурда долбоор улантылып, аба электр чубалгысын "КУЭТ" ААКнын тармагына кошуу боюнча даярдык иштери жүрүп жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Базар-Коргондо 187 млн сомго бааланган жер мамлекетке кайтарылды

Базар-Коргондо 187 млн сомго бааланган жер мамлекетке кайтарылды

Базар-Коргондо 187 млн сомго бааланган 4 гектар жер муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, Базар-Коргон районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө, Бишкек – Ош автожолунун Базар-Коргон шаары аркылуу өткөн бөлүгүнүн боюндагы, калктуу конуштардын жерлерине таандык 4 гектар жер тилкеси 2013-жылы

Кара-Сууда 60 млн сомго курулган бала бакча жакында ачылат

Кара-Сууда 60 млн сомго курулган бала бакча жакында ачылат

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай-Арык айылында 100 орундуу жаңы бала бакчанын курулушу аяктады. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, анын жалпы наркы 60 миллион сомду түздү. Курулуш иштери 2025-жылдын март айында башталган. Учурда

Ак-Талаада селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө

Ак-Талаада селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө

5-августта президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров сел жургөн Ак-Талаа районунун Жаңы-Тилек айылына барып, абал менен жеринде таанышып, селдин кесепеттерин ыкчам жоюу жана тургундарга көмөк көрсөтүү боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмаларды берди. Облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн маалыматына ылайык, учурда жеринде 12 куткаруучу, атайын техника жана жарандык

Бишкек мэри алты айда 600дөн ашык тургунду жеке кабыл алды

Бишкек мэри алты айда 600дөн ашык тургунду жеке кабыл алды

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев 2026-жылдын башынан бери борбор калаанын 600дөн ашык тургунун жеке кабыл алды. Кабыл алуулар шаар тургундарынын көйгөйлөрүн жеринде угуп, аларды ыкчам чечүүгө багытталган. Мэриянын маалыматына ылайык, жарандар негизинен жер тилкелерин мыйзамдаштыруу, аймактарды көрктөндүрүү, коммуналдык чарба, жолдорду оңдоо жана куруу, коомдук транспорт жана башка шаардык маанидеги