Өлкө боюнча электр тармактарын жаңылоого заманбап зымдар колдонулат

Өлкө боюнча электр тармактарын жаңылоого заманбап зымдар колдонулат

Кыргызстандын энергетикалык инфратүзүмдү жаңылоо үчүн өлкөгө 0,4 кВ чыңалуудагы өзүн өзү көтөрүүчү изоляцияланган зымдар (СИП-2) алып келинди.

Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, иш-чара "Электр энергетика секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү" долбоорунун алкагында ишке ашты.

Жалпы узундугу 100 миң метр болгон СИП-2 зымдарынын кесилиши 3×70+1×70 мм² түзөт. Жеткирүүнүн жалпы баасы 40,5 млн сомду түздү.

Министрликтин маалыматы боюнча, заманбап зымдарды колдонуу электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатып, керектөөчүлөрдү жарык менен туруктуу камсыздоого шарт түзөт.

Аталган долбоор Энергетика министрлиги тарабынан Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырылып, электр тармагын жаңылоого багытталган.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Кыргыз-орус агроөнөр жай кызматташтыгынын келечеги талкууланды

Кыргыз-орус агроөнөр жай кызматташтыгынын келечеги талкууланды

Бүгүн VIII Кыргыз-Россия экономикалык форумунун жана XII Кыргыз-Россия аймактар аралык конференциясынын алкагында "Айыл чарба тармагындагы кыргыз-орус кызматташтыгынын келечеги" аттуу панелдик сессия өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Иш-чарада Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Кыргызстанга келди

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Кыргызстанга келди

Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Өкмөт башчысын Ысык-Көл эл аралык аэропортунан Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков тосуп алды. Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны 6-7-август күндөрү Ысык-

Кыргызстан менен Орусия аймактар аралык кызматташууну чыңдоону көздөйт

Кыргызстан менен Орусия аймактар аралык кызматташууну чыңдоону көздөйт

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында Орусиянын аймактарынын жетекчилерин кабыл алды. Бул тууралуу президенттин админстрациясынан билдиришти. Жолугушууда тараптар аймактар аралык байланыштарды чыңдоо, соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда өтүп жаткан Кыргыз-Россия VIII экономикалык форуму жана Кыргыз-Россия XII аймактар

Беларустун премьер-министри Александр Турчин Кыргызстанга келди

Беларустун премьер-министри Александр Турчин Кыргызстанга келди

Беларусь Республикасынын Премьер-министри Александр Турчин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Өкмөт башчысын Ысык-Көл эл аралык аэропортунан Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков тосуп алды. Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны 6-7-август күндөрү Ысык-