Кышка даярдык: ГЭСтерде жабдуулар жаңыланып, туруктуулук камсыздалууда

Кышка даярдык: ГЭСтерде жабдуулар жаңыланып, туруктуулук камсыздалууда

"Электр станциялар" ачык акционердик коому 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине карата гидроэлектр станцияларын даярдоо иштерин улантууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Компаниянын маалыматына ылайык, ГЭСтерде гидроагрегаттар, генераторлор, трансформаторлор жана башка негизги жабдуулар оңдолуп, жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле релелик коргоо жана автоматика тутумдары, бөлүштүрүүчү түзүлүштөр жана байланыш каражаттары текшерилип, кышкы шартта иштөөгө даярдалууда.

Токтогул ГЭСинде өндүрүштүк имараттарды жана түтүк өткөргүчтөрдү жылуулап жатышат. Күрп-Сай ГЭСинде дагы жабдууларды жаңылап, анын ичинде айрым электр жабдууларын алмаштыруу иштери аткарылууда.

Таш-Көмүр ГЭСтер каскадында гидроагрегаттарды жана трансформаторлорду оңдоо, суу сактагычтардын аймактарын тазалоо уланууда. Үч-Коргон ГЭСинде болсо суунун чыгымын эсепке алуу тутумун киргизүү иштери аяктоо алдында турат.

Камбар-Ата ГЭС-2де гидроагрегаттар, трансформаторлор жана 110 кВ ачык бөлүштүрүүчү түзүлүштөр текшерилип, жылытуу тутумдары даярдалууда. Ошондой эле авариялык кырдаалдардын алдын алуу боюнча машыгуулар өткөрүлүп, кызматкерлердин даярдыгы күчөтүлүүдө.

Ат-Башы ГЭСинде №1 жана №3 гидроагрегаттарды оңдоо иштери аяктап, техникаларды даярдоо иштери уланууда.

Маалыматка ылайык, "Электр станциялар" ААКы белгилеген иш-чаралар жүргүзүлүп энергетикалык жабдуулардын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана ГЭСтердин 2026–2027-жылдардагы күз-кыш мезгилинде туруктуу иштешин камсыз кылууга багытталган.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Аймактарда социалдык коргоо мекемелерин куруу, оңдоо иштери жүргүзүлүүдө

Аймактарда социалдык коргоо мекемелерин куруу, оңдоо иштери жүргүзүлүүдө

КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги өлкөнүн аймактарында социалдык коргоо тутумунун жаңы мекемелерин куруу жана иштеп жаткан мекемелерди капиталдык оңдоо боюнча долбоорлор ишке ашырылып жатканын маалымдады. Министрликтин билдирүүсүнө караганда, социалдык инфраструктураны өнүктүрүүнүн алкагында Кара-Кулжа райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жаңы имараты курулууда. Долбоорду ишке ашырууга КРнын

Ишкер Media
Ош менен Бразилия кызматташтыктын жаңы барагын ачууда

Ош менен Бразилия кызматташтыктын жаңы барагын ачууда

Бүгүн Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова Бразилиянын Кыргызстандагы Элчиси Марсел Фортуна Биато менен жолугушту. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, жолугушууда соода-экономика, инвестиция, айыл чарба, билим берүү, энергетика жана заманбап технологиялар боюнча кызматташуу талкууланды. Айыл чарбада заманбап технологияларды киргизүү, тажрыйба алмашуу жана айыл чарба техникаларын

Ишкер Media
Коомдук жерлерде тамеки тарткан жарандар административдик жоопкерчиликке тартылды

Коомдук жерлерде тамеки тарткан жарандар административдик жоопкерчиликке тартылды

КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 83-беренесине (Белгиленбеген жерлерде тамеки заттарын тартуу) ылайык, коомдук же атайын уруксат берилбеген жерлерде тамеки тарткан жарандар административдик жоопкерчиликке тартылат. Ушуга байланыштуу милиция кызматкерлери тарабынан мыйзам талаптарынын бузулушун аныктоого жана алдын алууга багытталган “Тамеки тартуу” аталышындагы профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү. Ага ылайык, “Саксаул”, “Пинта”, “Ориентал”

Ишкер Media
"Кыргызфармация" Кытайдын тажрыйбасын киргизет

"Кыргызфармация" Кытайдын тажрыйбасын киргизет

"Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасынын директору Акылбек Туратбек уулу жетекчилиги менен Кыргызстандын делегациясы Кытайдын Ухань шаарында иш сапары менен жүрөт. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, делегация курамында Саламаттык сактоо министрлигинин, Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин жана "Кыргызфармация" ишканасынын өкүлдөрү бар. Иш сапар "Кыргызфармациянын" жаңы фармацевтикалык

Ишкер Media