Кышка даярдык: электр жарыгы, көмүр жана мазут боюнча иштер тездетилет

Кышка даярдык: электр жарыгы, көмүр жана мазут боюнча иштер тездетилет

Кыргызстанда күз-кыш мезгилине даярдык иштери октябрга чейин толук аякташы керек. Бул тууралуу 10-августта "Ынтымак Ордо" имаратында өткөн республикалык штабдын жыйынында айтылды.

Маалыматка ылайык, жыйынга Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков төрагалык кылды. Ага мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, облустагы өкүлчүлүктөрдүн жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Жыйында өлкөнүн суу-энергетикалык абалы, электр энергиясы жана отун менен камсыздоо, ошондой эле жылуулук ишканаларынын кышка даярдыгы талкууланды.

Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, 2026-жылы өлкөдө электр жарыгын керектөө 19,6 млрд кВт саатка жетеши мүмкүн. Анын 15,5 млрд кВт сааты ички өндүрүштүн эсебинен камсыздалып, 4,1 млрд кВт саат электр энергиясы импорттолот.

Ошол эле учурда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу аз экени белгиленди. Буга байланыштуу сууну үнөмдүү пайдалануу тапшырылды.

Алдыдагы жылытуу мезгилине өлкө боюнча 45,5 миң тонна мазут жана 3 млн 408,5 миң тонна көмүр керектелет. Отунду кампаларга жеткирүү иштери тартипке ылайык жүргүзүлүп, кошумча көлөмдөрдү алуу боюнча тендерлер өткөрүлүп, келишимдер түзүлүүдө.

Жыйындын соңунда Эрлист Акунбеков тиешелүү жетекчилерге оңдоо иштерин сапаттуу жана өз убагында бүтүрүп, энергетикалык объекттерди кышта туруктуу иштөөгө даярдоо боюнча тапшырмаларды берди.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Жыл аягына чейин 20 миң үй-бүлө МИК аркылуу батирлүү болот

Садыр Жапаров: Жыл аягына чейин 20 миң үй-бүлө МИК аркылуу батирлүү болот

Өлкө башчысы Садыр Жапаров Бишкекте "Асман Резиденс-1" турак жай комплексинин ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабралды. Жаңы батирлер күч түзүмдөрүнө - УКМК, Башкы прокуратура, Коргоо министрлиги, ИИМ, Чек ара кызматы, ЖАМК жана Мамлекеттик күзөт кызматынын өкүлдөрүнө "Менин үйүм" программасы аркылуу берилди. Президент белгилегендей, жыл аягына

Ишкер Media
Ош шаарынын агрардык ишканасы быйыл 89,3 тонна түшүм жыйнады

Ош шаарынын агрардык ишканасы быйыл 89,3 тонна түшүм жыйнады

Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев "Агрардык чарба" муниципалдык ишканасында болуп, түшүм жыйноо жана күздүк себүү иштери менен таанышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайк, быйыл ишкана 64,7 тонна буудай, 24,6 тонна арпа жыйнады. Жалпы түшүм - 89,3 тонна. Учурда күздүк айдоо жана себүү иштери башталды.

Ишкер Media
Президенттикке талапкерлердин шайлоо фонду үчүн эки банк аныкталды

Президенттикке талапкерлердин шайлоо фонду үчүн эки банк аныкталды

БШК бүгүнкү жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган президенттик шайлоого катышкан талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн "Элдик Банк" жана "АБанк" ААКсын аныктады. Бул тууралуу комитеттен билдиришти. Маалым болгондой, аталган банктардын жана башка бир катар банктардын мобилдик тиркемелери аркылуу ыктыярдуу кайрымдуулук салымдарын которууга уруксат берилди.

Ишкер Media
Улуттук госпиталга 68 млн сомдук жабдуу берилди, операция саны 2 эсе көбөйөт

Улуттук госпиталга 68 млн сомдук жабдуу берилди, операция саны 2 эсе көбөйөт

Бүгүн Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурбек Букуев Sharjah Charity International жана "Ихсан-Хайрия" фонддорунун өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушууда Улуттук госпиталдын №1 көз микрохирургия бөлүмүнө заманбап жабдууларды өткөрүп берүү талкууланды. Демилге 2024-жылы Шарджа Эмиратынын Эмиринин орун басары шейх Султан бин Ахмад

Ишкер Media