Тогуз-Тородо электр жарыгын үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн чаралар көрүлүүдө
Тогуз-Торо районунда электр тармактарын жаңылоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Нарын электр тармактары ишканасы билдирди.
Тогуз-Торо райондук электр тармактар ишканасынын иш планына ылайык, райондо жалпы 8,6 чакырым СИП-2 жана СИП-3 аба чубалгыларын орнотуу пландалган.
Учурда 0,4 кВ электр тармагында каралган 4,6 чакырым СИП-2 чубалгысынын 1,2 чакырымы орнотулду. Мындан тышкары, эски жыгач мамылардын ордуна 30 жаңы темир-бетон мамы орнотулуп, эски мамылар жана АС-50 аба чубалгылары алмаштырылды.
Кийинки баскычта 10 кВ электр тармагына 4 чакырым СИП-3 аба чубалгысын орнотуу иштери башталат.
Адистердин маалыматына караганда, СИП чубалгылары ар кандай аба ырайынын шарттарына туруктуу.
Жүргүзүлүп жаткан иштер электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатып, электр жарыгынын үзгүлтүккө учурашын азайтууга багытталганы белгиленди.


