Ат-Башыдагы айылдарга күндөн энергия алган чырактар орнотулуп жатат
Ат-Башы районунда жолдорду жана айылдардын ички көчөлөрүн жарыктандыруу үчүн күн энергиясы менен иштеген чырактар орнотулууда. Бул тууралуу аймактык өкүлчүлүктөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, облус башчысы Нурбек Сатаров Ат-Башы–Ача-Кайыңды унаа жолунун 3,5 чакырым аралыгына райондук өнүктүрүү фондунун каражатынын эсебинен орнотулган күн чырактарынын абалын көрдү.
Мындан тышкары, "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фонду аркылуу сатылып алынган жана Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнө караштуу айылдардын ички көчөлөрүнө орнотула турган күн чырактардын даярдыгы текшерилди.
Маалыматка ылайык, күн энергиясы менен иштеген жарыктандыруу тутумдарын колдонуу электр жарыгына кеткен чыгымдарды азайтып, казынадагы каражаттарды үнөмдөөгө шарт түзөт.