Кара-Суу райондук электр тармактары ишканасынын кызматкери кармалды

Кара-Суу райондук электр тармактары ишканасынын кызматкери кармалды

Кара-Суу районунда электр тармактарынын кызматкери кармалды, ал маселени чечүү үчүн 12 миң сом талап кылган деп шектелүүдө. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, 4-августта Кара-Суу районунун 29 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анын айтымында, мамлекеттик мекеменин кызматкери андан акча талап кылып, маселени оң жагына чечерин убада кылган. 

Милиция, Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери менен биргеликте ыкчам иш-чараларды жүргүзүп, шектүүнү аныктады. Ал Кара-Суу райондук электр тармактары ишканасынын Беш-Мойнок тилкесинин 31 жаштагы жетекчи адиси болгон.

Шектүү 10-августта Ош шаарында кармалды. Тинтүү учурунда анын жанынан арыз берүүчүдөн талап кылган 12 миң сому алынды. 

Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. “Кызматчынын мыйзамсыз сый акы алуусу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө амалдары уланууда.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Энергетика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Японияда депутатка шаардык кеңештин жыйындарына беткап менен катышууга уруксат берилди

Нарын шаарында жылуулук берүү 30 откана аркылуу жүргүзүлүүдө

Касымалиев COP31 алкагындагы Лидерлердин саммитинин ачылышына катышты

Кыргыз-өзбек айыл чарба министрлери кызматташуу боюнча сүйлөшүштү

Өз графиги жана маршруту: курьердин бир күнү