Үч-Коргон ГЭСинде төрт агрегаттын тең жабдуулары жаңыртылат

Үч-Коргон ГЭСинде төрт агрегаттын тең жабдуулары жаңыртылат

Үч-Коргон ГЭСинде станциянын негизги жабдууларын жаңыртуу жана белгиленген кубаттуулугун жогорулатуу максатында жүргүзүлүп жаткан жаңылоо иштери уланууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда №1 жана №2 гидроагрегаттарды жаңыртуу иштери жүрүп жатат. Аларды 2026-жылдын аягына чейин жаңылап бүтүшөт.

Бардык иштер аяктагандан кийин Үч-Коргон ГЭСинин белгиленген кубаттуулугу азыркы 198 МВттан 216 МВтка чейин көбөйөт. Башкача айтканда, станциянын кубаттуулугу 18 МВтка жогорулайт.

Станцияны калыбына келтирүү иштери 2024-жылы башталган. Долбоордун алкагында №4 гидроагрегат толугу менен жаңыртылып, анын кубаттуулугу 9 МВтка көбөйтүлгөн. Ошондой эле №3 гидроагрегат жаңыланып, анын кубаттуулугу дагы 9 МВтка жогорулатылган.

Белгиленгендей, №1 жана №2 гидроагрегаттардагы иштер аяктаган соң ГЭСтин төрт гидроагрегаты тең толугу менен жаңыртылат.

Маалым болгондой, Үч-Коргон ГЭСи Жалал-Абад облусунда, Нарын дарыясында жайгашкан. Станция 1961–1962-жылдары пайдаланууга берилген. 60 жылдан ашуун убакыттан бери иштеп келе жаткан ГЭСте жабдууларды жаңыртуу боюнча алгачкы ири иштер жасалууда.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Энергетика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Японияда депутатка шаардык кеңештин жыйындарына беткап менен катышууга уруксат берилди

Нарын шаарында жылуулук берүү 30 откана аркылуу жүргүзүлүүдө

Касымалиев COP31 алкагындагы Лидерлердин саммитинин ачылышына катышты

Кыргыз-өзбек айыл чарба министрлери кызматташуу боюнча сүйлөшүштү

Өз графиги жана маршруту: курьердин бир күнү