Эгемендүүлүк күнүнө арналган иш-чараларда 200дөн ашуун энергетик нөөмөттө турду

Эгемендүүлүк күнүнө арналган иш-чараларда 200дөн ашуун энергетик нөөмөттө турду

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган Талас облусундагы майрамдык иш-чаралар электр энергиясы үзгүлтүксүз берилип, энергетикалык тутумда авариялык кырдаалдарга жол берилбестен өткөрүлдү. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, майрамдык иш-чараларга даярдык көрүүдө электр энергиясын туруктуу жана ишенимдүү камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулган. Министрликтин жетекчилигинин тапшырмасы менен облустагы энергетикалык ишканалар алдын ала комплекстүү даярдык иштерин жүргүзүшкөн.

Адистер электр тармактарынын жана жабдуулардын техникалык абалын текшерип, резервдик электр булактарынын даярдыгын камсыз кылышкан. Ошондой эле зарыл учурда ыкчам чара көрүү үчүн нөөмөт бригадалары түзүлгөн.

Майрамдык иш-чаралар өтүп жаткан учурда 200дөн ашуун энергетик күчөтүлгөн жана күнү-түнү иштөө режиминде кызмат өтөшкөн. Алар электр тармактарынын жана жабдуулардын абалын үзгүлтүксүз көзөмөлдөп, күтүлбөгөн кырдаалдар жаралган учурда ыкчам чара көрүүгө даяр болушкан.

Мындан тышкары окуңуз

Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун Башкы катчысы Ян Сондерс менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызмат кабарлады. Маалым болгондой, тараптар бажылык жөнгө салуунун эл аралык стандарттарын киргизүү, процесстерди санариптештирүү, чек ара инфраструктурасын модернизациялоо жана кадрларды даярдоо маселелерин талкуулашты. Касымалиев Кыргызстан уюмга 2000-жылдын 10-февралынан

Ишкер Media
Кепилдик фонд аркылуу аймактагы ишкерлер 6,6 млрд сом кредит алышты

Кепилдик фонд аркылуу аймактагы ишкерлер 6,6 млрд сом кредит алышты

2026-жылдын январь–сентябрь айларында “Кепилдик фонд” ААКсы ишкерлерге жалпы суммасы 3,8 млрд сомду түзгөн 1 523 кепилдик берип, 12,8 млрд сом кредиттик каражат тартууга көмөктөштү. Бул тууралуу фонддун маалыматында айтылат. Билдирүүгө караганда, берилген кепилдиктердин 76%ы же 1 156сы Кыргызстандын аймактарындагы ишкерлерге туура келген. Ал эми аймактарга

Ишкер Media
Бишкектин айрым аймактарында 15-октябрда суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 15-октябрда суу өчүрүлөт

15-октябрда саат 10:00дөн 20:00гө чейин айрым аймактарда ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Суу өчүрүү төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта болот: Балтагулов - Юдахин - Алтымышев - Бакаев - Чыңгыз Айтматов кең көчөсүнүн батыш тарабы. Маалыматка ылайык, диаметри 300 мм болгон суу түтүгүндө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Суу

Ишкер Media
Бишкектеги №91 мектептин жаңы корпусунун курулушу аяктады

Бишкектеги №91 мектептин жаңы корпусунун курулушу аяктады

Курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын март айында башталган Бишкек шаарынынясно Кара-Жыгач конушундагы №91 мектептин 750 орундуу жаңы корпусунун курулушуу аяктоо алдында турат. Бул тууралуу КРнын Курулуш министрлигинен кабарлашты. Жалпы аянты 8 234 чарчы метрди түзгөн үч кабаттуу имаратта окуу класстары, лабораториялык, компьютердик, эмгек жана музыка кабинеттер, медициналык кабинет, китепкана, ашкана,

Ишкер Media