Ат-Башы ГЭСинде күз-кыш мезгилине даярдык үчүн үч гидроагрегат оңдолду

Ат-Башы ГЭСинде күз-кыш мезгилине даярдык үчүн үч гидроагрегат оңдолду

Ат-Башы гидроэлектр станциясында 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүп жатат. Учурда №1, №2 жана №3 гидроагрегаттарында кезектеги оңдоо иштери толугу менен аяктады.

Энергетика министрлиги билдиргендей, оңдоо иштеринин алкагында станциянын өндүрүштүк имараттарына капиталдык оңдоо жүргүзүлүп, Т-1 жана Т-2 трансформатордук аянтчалары тегизделип, шагыл төшөлдү. Ошондой эле 2×25 тонна жүк көтөрүмдүүлүгүндөгү көпүрөлүү кран 50 тонналык гидродинамометр менен сыноодон өткөрүлдү.

Мындан тышкары, автотранспорт каражаттарынын дизелдик жабдуулары оңдолуп, өрт коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулду. Станцияда автоматтык өрт сигнализациясынын долбоору иштелип чыгып, аны орнотуу иштери толугу менен аяктады.

Оңдоо графигине ылайык, сентябрь айында №4 гидроагрегатты жана №1 SFF-28000/115 үлгүсүндөгү трансформаторду кезектеги оңдоодон өткөрүү пландалууда. Даярдык иштери "Электр станциялары" ААКнын күз-кыш мезгилине карата оңдоо өнөктүгүнүн алкагында жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Жаңы окуу жылына карата өлкө боюнча 81 мектеп пайдаланууга берилди

Жаңы окуу жылына карата өлкө боюнча 81 мектеп пайдаланууга берилди

2026–2027-жаңы окуу жылына карата республика боюнча 81 мектептин курулушу жана капиталдык оңдоп-түзөө иштери толук аяктады. Алардын ичинен 40 объект жаңыдан курулса, 41 билим берүү мекемесинде капиталдык оңдоп-түзөө жүргүзүлдү. Курулуш министрлиги билдиргендей, Бишкек шаарында 9, Чүй облусунда 4, Баткен облусунда 5, Жалал-Абад облусунда 26, Ысык-Көлдө

Кыргызстан БУУ менен тынчтык орнотуу чөйрөсүндөгү кызматташууну талкуулады

Кыргызстан БУУ менен тынчтык орнотуу чөйрөсүндөгү кызматташууну талкуулады

Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров БУУнун Тынчтык орнотуу операциялары боюнча Башкы катчысынын орун басары Жан-Пьер Лакруа менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, тараптар Кыргызстандын БУУ менен эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо жаатындагы кызматташтыгын талкуулашты. Анын ичинде Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес

Кыргызстанда 213 979 адам пенсиялык топтоо каражаттарын алышты

Кыргызстанда 213 979 адам пенсиялык топтоо каражаттарын алышты

Кыргыз Республикасынын жарандарынын жашоо сапатын жакшыртуу жана социалдык бакубаттуулугун камсыз кылуу максатында пенсиялык топтоо каражаттарын пайдалануунун жол жобосуна ылайык,  2026-жылдын 1-сентябрына карата каржылоонун статистикасы Социалдык фонд  жарыялады. Билдирүүгө карата, 2026-жылдын 1-сентябрына карата топтомо каражаттарын республика боюнча жалпы- 246 866 адам (7 208,5 млн. сом суммасында)

Таласта буудайдын түшүмдүүлүгү гектарына 10 тоннага жетти

Таласта буудайдын түшүмдүүлүгү гектарына 10 тоннага жетти

Талас облусунун Манас районунда 1 гектар жерден 100 центнер, башкача айтканда 10 тонна буудай алынды. Бул 2026-жылдагы буудайдын түшүмдүүлүгү боюнча республикадагы жогорку көрсөткүчтөрдүн бири. Айыл чарба министрлиги билдиргендей, өлкө боюнча буудайдын орточо түшүмдүүлүгү гектарына 50–55 центнерди түзөт. Манас районундагы жогорку көрсөткүч заманбап агротехнологияларды колдонуу, сапаттуу үрөндөрдү тандоо жана