Энергетика министрлиги Кореянын KEPCO корпорациясы менен меморандумга кол койду

Энергетика министрлиги Кореянын KEPCO корпорациясы менен меморандумга кол койду

Сеул шаарында Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Кореянын электр энергетикалык корпорациясынын (KEPCO) улук вице-президенти Чанхёк Чон менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Маалымдалгандай, жолугушуунун соңунда эки тарап энергетика тармагында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.

Тараптар эми төмөнкү багыттар боюнча чогуу иш алып барышат:

  • электр тармагын санариптештирүү;
  • электр жарыгынын жоготууларын азайтуу;
  • үйлөргө акылдуу эсептегичтерди (AMI) орнотуу;
  • энергияны сактоочу жабдууларды (BESS) киргизүү;
  • күн жана шамал энергиясын өнүктүрүү;
  • адистерди окутуу жана тажрыйба алмашуу.

Учурда бул багытта биргелешкен долбоорлор ишке ашып жатат. Мисалы, KOICA долбоорунун алкагында Бишкек шаарында атайын сервердик борбор түзүлүп, 10 миң үйгө акылдуу эсептегичтер орнотулган. Эми кийинки этапта Жалал-Абад облусундагы 125 миң үйгө да ушундай эсептегичтерди орнотуу пландалып жатат.

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков бул меморандум Кыргызстандын энергетика тармагына жаңы технологияларды алып келүүгө жана тармакты заманбап деңгээлге чыгарууга чоң түрткү берерин белгиледи.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Энергетика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргыз-өзбек айыл чарба министрлери кызматташуу боюнча сүйлөшүштү

Өз графиги жана маршруту: курьердин бир күнү

Электр тармагынын кампасынан материалдык баалуулуктар жоголуп жаткан

Президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөткөн жарандардын саны 9га жетти

Бишкекте бир күндө 6 миң көчөт отургузуу пландалууда