Органикалык аймактарды түзгөн кооперативдерге күрөөсүз насыя берүү сунушталды

Органикалык аймактарды түзгөн кооперативдерге күрөөсүз насыя берүү сунушталды

Жогорку Кеңеште органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү жана климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу маселелерин талкуулоо боюнча жумушчу топтун жыйыны болуп өттү. Ага Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова, мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүү жана органикалык аймактарды түзүү маселелери талкууланды. Ошондой эле дыйкандарды кооперативдерге бириктирүү, органикалык аймактарды түзгөн кооперативдер үчүн күрөөсүз насыяларды берүү механизмдерин иштеп чыгуу, кош салык жана күрөөлүк камсыздоо маселелерин чечүү боюнча сунуштар каралды.

Мындан тышкары Салык кодексине жана “Кооперативдер жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштар айтылды. 

Муну менен катар “Органикалык аймак” кыймылын жайылтуу боюнча долбоор талкууланып, Министрлер Кабинетине караштуу Климаттык каржылоо борбору аркылуу органикалык долбоорлорду даярдоо жана сунуштоо мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеп болду.

Жыйындын катышуучулары органикалык өнүмдөрдү аныктоо жана сертификациялоо маселелерине токтолуп, органикалык өнүмдөрдү аныктаган органдарды аккредитациядан өткөрүүдөгү тоскоолдуктар, бул багыттагы жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү жана эл аралык талаптарга шайкеш келтирүү боюнча да бир катар сунуштарды беришти.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргыз продукциясын Кытай рыногуна алып чыгуу талкууланды

Кыргыз продукциясын Кытай рыногуна алып чыгуу талкууланды

Кытай Эл Республикасынын Рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу боюнча мамлекеттик башкармалыгынын (SAMR) делегациясы иш сапар менен КРна келди. Анын алкагында Экономика жана коммерция министрлигинде жана Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде органикалык стандарттардын эквиваленттүүлүгү, сертификаттарды өз ара таануу жана соода кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланды. Суу ресурстары

Садыр Жапаров Кореянын премьер-министри менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Садыр Жапаров Кореянын премьер-министри менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн Сеул шаарында Корея Республикасынын премьер-министри Хан Сон Сук менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда кыргыз-корей кызматташтыгын кеңейтүү, соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.Тараптар санариптештирүү жана жасалма интеллект, туризм, инвестиция жана өнөр жай

Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында ысык суу убактылуу өчүрүлөт

Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында ысык суу убактылуу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында бүгүн саат 08:00дөн 16:00гө чейин ысык суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, ысык суу жылуулук магистралын реконструкциялоо иштерине байланыштуу төмөнкү даректерде өчүрүлөт: Чүй проспектисиндеги 39, 41, 43, 45, 47, 43/1, 45/1, 47/1, 49, 51, 53, 55, 57, 59, 61,

Кыргызстандын кредиттик рейтинги Moody’s менен талкууланды

Кыргызстандын кредиттик рейтинги Moody’s менен талкууланды

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Moody’s эл аралык рейтинг агенттигинин аналитиктери Анушка Шах жана Марк-Антуан Гэли менен жолукту. Бул тууралуу министрлер кабинети билдирди. Жолугушууда Кыргызстандын макроэкономикалык абалы, жүргүзүлүп жаткан реформалардын жыйынтыктары, мамлекеттик каржы, мамлекеттик карыздын туруктуулугу жана экономиканы өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды. Данияр Амангелдиевдин айтымында, акыркы