Токой чарбасын калыбына келтирүү үчүн  112,1 млн сомдук гранттык келишимге кол коюлду

Токой чарбасын калыбына келтирүү үчүн  112,1 млн сомдук гранттык келишимге кол коюлду

Суу ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Марсбек уулу Илич токой чарбаларын колдоо максатында техникаларды жана жабдууларды тапшыруу аземине катышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара “Регионалдык жайыт жамааттарынын туруктуулугу – АДАПТ” долбоорунун алкагында Эл аралык айыл чарбасын өнүктүрүү фонду – IFAD жана Адаптациялык фонддун колдоосу менен ишке ашырылды.

Долбоордун алкагында Кара-Кулжа жана Ош токой чарбаларына, Чоң-Кемин мамлекеттик жаратылыш паркы жана К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети үчүн көчөт өстүрүү, токойлорду калыбына келтирүү жана экосистемаларды сактоо иштерине керектүү заманбап техникалар тапшырылды.

Жалпысынан мамлекеттик мекемелер менен көчөтканаларды өнүктүрүү боюнча 49,7 млн сомдук гранттык макулдашуулар түзүлдү. Мындан тышкары, 18 токой чарбасы менен 1522 гектар аянтта токойлорду калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн 112,1 млн сомдук гранттык келишимдерге кол коюлду.

Долбоордун алкагында өлкө боюнча 2500 гектар аянтта токойлорду калыбына келтирүү жана токой өстүрүү иштери жүргүзүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргыз продукциясын Кытай рыногуна алып чыгуу талкууланды

Кыргыз продукциясын Кытай рыногуна алып чыгуу талкууланды

Кытай Эл Республикасынын Рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу боюнча мамлекеттик башкармалыгынын (SAMR) делегациясы иш сапар менен КРна келди. Анын алкагында Экономика жана коммерция министрлигинде жана Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде органикалык стандарттардын эквиваленттүүлүгү, сертификаттарды өз ара таануу жана соода кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланды. Суу ресурстары

Садыр Жапаров Кореянын премьер-министри менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Садыр Жапаров Кореянын премьер-министри менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн Сеул шаарында Корея Республикасынын премьер-министри Хан Сон Сук менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда кыргыз-корей кызматташтыгын кеңейтүү, соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.Тараптар санариптештирүү жана жасалма интеллект, туризм, инвестиция жана өнөр жай

Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында ысык суу убактылуу өчүрүлөт

Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында ысык суу убактылуу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында бүгүн саат 08:00дөн 16:00гө чейин ысык суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, ысык суу жылуулук магистралын реконструкциялоо иштерине байланыштуу төмөнкү даректерде өчүрүлөт: Чүй проспектисиндеги 39, 41, 43, 45, 47, 43/1, 45/1, 47/1, 49, 51, 53, 55, 57, 59, 61,

Кыргызстандын кредиттик рейтинги Moody’s менен талкууланды

Кыргызстандын кредиттик рейтинги Moody’s менен талкууланды

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Moody’s эл аралык рейтинг агенттигинин аналитиктери Анушка Шах жана Марк-Антуан Гэли менен жолукту. Бул тууралуу министрлер кабинети билдирди. Жолугушууда Кыргызстандын макроэкономикалык абалы, жүргүзүлүп жаткан реформалардын жыйынтыктары, мамлекеттик каржы, мамлекеттик карыздын туруктуулугу жана экономиканы өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды. Данияр Амангелдиевдин айтымында, акыркы