Айыл чарба чарба кооперативдерине жеңилдетилген шартта насыя берүү сунушталды

Айыл чарба чарба кооперативдерине жеңилдетилген шартта насыя берүү сунушталды

Айыл чарба кооперативдерине  жеңилдетилген шартта насыя берүү боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги “Кыргыз Республикасында 2023-2027-жылдарга айыл чарба кооперациясын өнүктүрүү Программасына”, “Агроөнөр жай комплексин каржылоо” жана “Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо” долбоорлоруна ылайык Улуттук статистика комитети, Социалдык фонду, Мамлекеттик салык кызматы, Кыргызстандын кооперативдер союзу, “А Банк” ААК, “Элдик Банк” ААК, Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун өкүлдөрү менен бирдикте Айыл чарба кооперативдерин каржылоо боюнча жеңилдетилген кредиттик саясаттын жол-жоболорун иштеп чыгуу жана статистикалык отчеттуулук формаларын кайра карап чыгуу үчүн мекеме аралык комиссия түзгөн.

2026-жылдын 21-майында түзүлгөн мекеме аралык комиссия айыл чарба кооперативдерин түзүүгө жана иштеп жаткан айыл чарба кооперативдерин ар тараптан колдоого, кооперативдердин ар бир мүчөлөрүнүн кооперативдеги ишмердигинен тышкары, өздүк жеке бизнестерин, башка багытагы жеке кредиттик милдеттемелерин жана насыялык тарыхын, отчетторун талап кылууну токтотуу менен жөнөкөйлөтүлгөн шартта насыя алуу механизмин иштеп чыгуу каралып, мекеме аралык комиссия өзүлөрүнүн жөнөкөйлөткөн шарттагы материалдарын сунуштады.

Ошону менен бирге айыл чарба кооперативдерине жеңилдетилген шартта каржылоо каралып жана белгиленген тартипте иштелип жатканы боюнча “А Банк” жана “Элдик Банк” ачык акционердик коомдору белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргыз продукциясын Кытай рыногуна алып чыгуу талкууланды

Кыргыз продукциясын Кытай рыногуна алып чыгуу талкууланды

Кытай Эл Республикасынын Рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу боюнча мамлекеттик башкармалыгынын (SAMR) делегациясы иш сапар менен КРна келди. Анын алкагында Экономика жана коммерция министрлигинде жана Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде органикалык стандарттардын эквиваленттүүлүгү, сертификаттарды өз ара таануу жана соода кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланды. Суу ресурстары

Садыр Жапаров Кореянын премьер-министри менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Садыр Жапаров Кореянын премьер-министри менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн Сеул шаарында Корея Республикасынын премьер-министри Хан Сон Сук менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда кыргыз-корей кызматташтыгын кеңейтүү, соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.Тараптар санариптештирүү жана жасалма интеллект, туризм, инвестиция жана өнөр жай

Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында ысык суу убактылуу өчүрүлөт

Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында ысык суу убактылуу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында бүгүн саат 08:00дөн 16:00гө чейин ысык суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, ысык суу жылуулук магистралын реконструкциялоо иштерине байланыштуу төмөнкү даректерде өчүрүлөт: Чүй проспектисиндеги 39, 41, 43, 45, 47, 43/1, 45/1, 47/1, 49, 51, 53, 55, 57, 59, 61,

Кыргызстандын кредиттик рейтинги Moody’s менен талкууланды

Кыргызстандын кредиттик рейтинги Moody’s менен талкууланды

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Moody’s эл аралык рейтинг агенттигинин аналитиктери Анушка Шах жана Марк-Антуан Гэли менен жолукту. Бул тууралуу министрлер кабинети билдирди. Жолугушууда Кыргызстандын макроэкономикалык абалы, жүргүзүлүп жаткан реформалардын жыйынтыктары, мамлекеттик каржы, мамлекеттик карыздын туруктуулугу жана экономиканы өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды. Данияр Амангелдиевдин айтымында, акыркы