Өлкө аймагында сутка ичинде 76 мас айдоочу аныкталды

Өлкө аймагында сутка ичинде 76 мас айдоочу аныкталды

Кыргызстан аймагында жол кырсыктарынын алдын алуу максатында өткөрүлүп жаткан “Рулда” аталышындагы рейдде 1 сутка ичинде 76 мас айдоочу аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан (ЖКККББ) билдиришти.

Мындан тышкары, айдоочулук күбөлүгү жок 89 адам унаа башкарганы белгиленип, жалпы 580 автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.

Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү административдик чаралар көрүлүп, айдоочуларга түшүндүрүү иштер жүргүзүлдү. Рейддин максаты — жол кырсыктарынын санын азайтуу жана айдоочулар арасында жоопкерчиликти күчөтүү.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Эркинбек Осоев Кыргызстандын Япониядагы элчиси кызматынан бошотулду

Жети-Өгүз районунда өнөр жай өндүрүшү 128,5 млрд сомго жетти

Сузакта ишкер жеңилдетилген насыя менен кургатуу цехин ачты

Кыргызстан экологиялык эл аралык кызматташтыгын кеңейтүүдө

Бишкектеги өрт чыккан курулуш объектисине айып салынды