2026-жылы агроөнөржайда 75 жаңы ишкана ачуу пландалууда

2026-жылы агроөнөржайда 75 жаңы ишкана ачуу пландалууда

2025-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандыг агроөнөржай комплексин өнүктүрүү алкагында республика боюнча айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана соода-логистикалык инфраструктура багытында 63 объект пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Алардын ичинде соода-логистикалык борборлор, дан өсүмдүктөрүн, мөмө-жемиш жана жашылча-жемиштерди кайра иштетүүчү ишканалар, сүт азыктары, эт, балык, жүн, өсүмдүк майын өндүрүүчү, ошондой эле органикалык өндүрүш объекттери бар.

Аталган долбоорлордун алкагында 2 707 жаңы жумуш орду түзүлүп, аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана калктын иш менен камсыз болуусуна өбөлгө түздү.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын январь–ноябрь айларында өлкөнүн жалпы өнөр жай көлөмүндө тамак-аш өндүрүшү ишканаларынын үлүшү 17,4% түздү. Бул мезгилде агроөнөржай комплексинин ишканалары тарабынан 94,2 млрд сомдук тамак-аш азыктары өндүрүлүп, физикалык көлөм индекси 127,8% болду.

2030-жылга чейинки өнүктүрүү программасынын алкагында республикада 385 кайра иштетүүчү ишкананы ишке берүү пландалууда. Бул кайра иштетүүнүн деңгээлин 25%га жеткирүүгө мүмкүндүк берет. Жалпы инвестициянын көлөмү 20,96 млрд сом деп бааланууда.

Ал эми 2026-жылы 75 кайра иштетүүчү ишкананы ишке берүү мерчемделип, инвестиция көлөмү 9,1 млрд сомду түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Бүгүн президент Садыр Жапаров Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Мамлекет башчысы маараке өткөн тарыхты эскерүү менен гана чектелбестен, келечекке жаңы максаттарды коюуга түрткү бериши керектигин белгиледи. Президенттин айтымында, Чүй облусу өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсүндө өзгөчө орунду ээлейт. Аймак мамлекеттүүлүктүн калыптанышында, азык-түлүк

Ишкер Media
Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media
Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media