Бишкекте 24 жаштагы жигит 551 миң сом алдоого шектелип кармалды

Бишкекте 24 жаштагы жигит 551 миң сом алдоого шектелип кармалды

Ленин РИИБдин маалыматына караганда, борбордо 24 жаштагы жигит мессенжер аркылуу 551 миң сом алдоого шектелип кармалды.

Маалыматка ылайык, 2-январда милицияга кайрылган адам ага мессенжер аркылуу чалган бейтааныш киши ишенимине кирип, кант жөнөтөм деген убада менен акчасын котортуп алганын айткан. Ал 551 миң сомду алгандан кийин байланышты токтотуп, телефонун өчүрүп, жок болуп кеткен.

Милиция “Алдамчылык” боюнча иш козгоп, 24 жаштагы шектүүнү кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизди.

Алдамчылыкка кабылгандар 0 779 043 407 жана 102 номерлерине байланышса болот.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Эркинбек Осоев Кыргызстандын Япониядагы элчиси кызматынан бошотулду

Жети-Өгүз районунда өнөр жай өндүрүшү 128,5 млрд сомго жетти

Сузакта ишкер жеңилдетилген насыя менен кургатуу цехин ачты

Кыргызстан экологиялык эл аралык кызматташтыгын кеңейтүүдө

Бишкектеги өрт чыккан курулуш объектисине айып салынды