Н. Орунтаев Токмоктогу архитектура башкармалыгынын курулушу менен таанышты

Н. Орунтаев Токмоктогу архитектура башкармалыгынын курулушу менен таанышты

Күн мурун Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Чүй облусунун Токмок шаарында шаар куруу жана архитектура башкармалыгы үчүн салынып жаткан жаңы административдик имараттын курулушу менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Министр курулуш иштеринин жүрүшүн көрүп чыгып, объектти белгиленген мөөнөттө сапаттуу бүтүрүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

Долбоорго ылайык, имарат эки кабаттан туруп, кызматкерлер жана жарандар үчүн заманбап, ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Буга чейин Токмок шаардык архитектура башкармалыгынын өзүнчө имараты болгон эмес.

Жаңы административдик имаратты 2026-жылы пайдаланууга берүү пландалууда. Учурда объекттин каркасы толук тургузулуп, курулуш иштери уланууда.

Курулушту “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө. Имарат мамлекеттик бюджеттен эмес, министрликтин ички ресурстарынын эсебинен курулуп жатат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Эркинбек Осоев Кыргызстандын Япониядагы элчиси кызматынан бошотулду

Жети-Өгүз районунда өнөр жай өндүрүшү 128,5 млрд сомго жетти

Сузакта ишкер жеңилдетилген насыя менен кургатуу цехин ачты

Кыргызстан экологиялык эл аралык кызматташтыгын кеңейтүүдө

Бишкектеги өрт чыккан курулуш объектисине айып салынды