Нарында жол кыймылынын коопсуздугу боюнча рейд өткөрүлдү

Нарында жол кыймылынын коопсуздугу боюнча рейд өткөрүлдү

Бүгүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Азенбек Козукеев Нарын облусундагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн тескөөчүлөрүнүн ишин таң эртеден тарта текшерди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, ал кызматтык унааларды жолго чыгаруу менен жол унаа кырсыктарынын алдын алуу боюнча профилактикалык иштерди күчөтүү тапшырмасын берди.

Ошондой эле айдоочуларды жолдо бири-бирин сыйлоого жана маданияттуулукка чакыруу, жол тайгак болгон учурларда эскертүү маалыматтарын берүү, мындан тышкары Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунда чет өлкөлүк айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

Жыйынтыгында башкармалыктын Нарын облусу боюнча башчысы Нурбек Салымбаевге аныкталган кемчиликтерди тез арада жоюп, багыттуу иш алып баруу тапшырылды.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Эркинбек Осоев Кыргызстандын Япониядагы элчиси кызматынан бошотулду

Жети-Өгүз районунда өнөр жай өндүрүшү 128,5 млрд сомго жетти

Сузакта ишкер жеңилдетилген насыя менен кургатуу цехин ачты

Кыргызстан экологиялык эл аралык кызматташтыгын кеңейтүүдө

Бишкектеги өрт чыккан курулуш объектисине айып салынды