Бакыт Төрөбаев Ысык-Ата районундагы сугат объектилерин текшерди

Бакыт Төрөбаев Ысык-Ата районундагы сугат объектилерин текшерди

Кечээ Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ысык-Ата районунда жайгашкан Восточный Чоң Чүй каналына, Р-24 сугаруу каналына жана Туз бассейнине барды. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Министр объектилердин учурдагы абалы жана жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Восточный Чоң Чүй каналынын узундугу 97 км болуп, 41,5 миң гектар сугат жерди суу менен камсыздайт. Канал 1957-жылы пайдаланууга берилген.

Р-24 каналы Жайылма айыл өкмөтүндө жайгашкан. Анын 1 350 метри бетондолгон, 5 075 метри жер канал. Канал аркылуу 1 100 гектар сугат жер суу менен камсыздалат. 2025-жылы 1 480 метр (5 415 м²) тилкеге бетон төшөлгөн. 2026-жылы 1 280 метр (4 655 м²) тилкеде бетон төшөө пландалууда.

Туз бассейни декаддык сууну жөнгө салуу үчүн курулуп, 1987-жылы ишке берилген. Капиталдык оңдоодон кийин анын сыйымдуулугу 1,8 млн м³дү түзөт. Бассейнден Жайылма айыл аймагындагы Туз кыштагына (1 300 га) жана Кант шаары менен Люксембург кыштагына (1 100 га) кошумча суу берилет.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Бүгүн президент Садыр Жапаров Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Мамлекет башчысы маараке өткөн тарыхты эскерүү менен гана чектелбестен, келечекке жаңы максаттарды коюуга түрткү бериши керектигин белгиледи. Президенттин айтымында, Чүй облусу өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсүндө өзгөчө орунду ээлейт. Аймак мамлекеттүүлүктүн калыптанышында, азык-түлүк

Ишкер Media
Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media
Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media