Кара-Суудагы мектеп имаратына инженердик текшерүү жүргүзүлдү

Кара-Суудагы мектеп имаратына инженердик текшерүү жүргүзүлдү

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун адистери Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Присавай айылындагы №128 Тентибай Кадырбаев атындагы орто мектептин имаратына инженердик текшерүү жүргүзүштү.

Ведомствонун маалыматына ылайык, текшерүү көп жыл мурда салынган мектеп имаратынын учурдагы техникалык абалын баалоо максатында уюштурулду.

Адистер объекттин долбоордук жана техникалык документтерин карап чыгып, имараттын конструкциялык схемасын жана азыркы абалын изилдешти. Ошондой эле тиешелүү чиймелер түзүлүп, мүмкүн болгон кемчиликтер менен бузулуулардын себептерине талдоо жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жыйынтыгында институт тарабынан курулуш конструкцияларынын техникалык абалы боюнча корутунду даярдалып, имаратты мындан ары пайдалануу боюнча тиешелүү сунуштар иштелип чыгары күтүлүүдө.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ак-Суу районунда туристтердин саны 8 эседен ашык өстү

Орто-Токой суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоо аныкталды

Кыргызстан баштапкы медициналык жардамды өнүктүрүү боюнча эл аралык конгресске катышты

Токтогул шаарында электр тармагын жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө

Караколго тартылган инвестициянын көлөмү 9,5 млрд долларга жетти