Талас облусундагы социалдык мекемелердин шарттары текшерилди

Талас облусундагы социалдык мекемелердин шарттары текшерилди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин тапшырмасы менен министрдин биринчи орун басары К.С. Досматов Талас облусуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Иш сапардын алкагында ал Бакай-Ата жана Покровка айылдарында жайгашкан майыптыгы бар адамдар жана улгайган жарандар үчүн ыңгайлашкан социалдык стационардык мекемелердин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Учурда аталган социалдык стационардык мекемелерде жалпысынан 178 кызмат алуучу жашайт. Алардын ичинен 164ү майыптыгы бар жарандар болуп саналат.

Сапардын жүрүшүндө министрдин биринчи орун басары мекемелердеги кызмат алуучулардын жашоо шарттары, ошондой эле көрсөтүлүп жаткан социалдык кызматтардын сапаты менен жеринде таанышып чыкты.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда көмүрдү экспорттоого тыюу салынды

Кыргызстанда көмүрдү экспорттоого тыюу салынды

Министрлер Кабинети көмүрдү Кыргызстандын аймагынан автоунаа транспорту аркылуу сыртка чыгарууга алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салды. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымында, чечимге ылайык, чектөө өлкөнүн бардык автомобиль өткөрүү пункттарында күчүндө болот. Бирок “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрүү бекеттери аркылуу көмүр экспорттоого уруксат берилет. Ошондой эле жаңы тартип мамлекеттик “Кыргызкөмүр” ишканасына

Бостериде жаратылышты булгаган жарандар жоопкерчиликке тартылды

Бостериде жаратылышты булгаган жарандар жоопкерчиликке тартылды

Ысык-Көл облусунда мыйзамсыз саркынды сууларды агызуу жана таштанды жайгаштыруу эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын кызматкерлери туристтик милиция менен биргеликте Ысык-Көл районунун Бостери айыл аймагында рейд жүргүзүшкөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө айрым жеке эс алуучу

Мурдагы депутат Дүйшөн Төрөкулов кармалды

Мурдагы депутат Дүйшөн Төрөкулов кармалды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дүйшөн Төрөкулов кармалды. Бул тууралуу анын агасы кармалганын ырастады. Тиешелүү кызматтар Дүйшөн Төрөкулов эмненин негизинде кармалганы боюнча расмий тастыкташа элек. Дүйшөн Төрөкулов 2017-жылы Жогорку Кеңештин VI чакырылышына “Бир Бол” саясий партиясынан депутат болгон. Аны 2021-жылы январь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Кылмыш-жаза

Президент Баткендеги селдин кесепетин жоюу боюнча тапшырма берди

Президент Баткендеги селдин кесепетин жоюу боюнча тапшырма берди

Президент Садыр Жапаров 19-22-июнда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Баткен облусунун аймактарында жүргөн селдин кесепеттеринен толук кабардар. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы билдирди. Маалыматка таянсак, Мамлекет башчысы тийиштүү мамлекеттик түзүмдөргө жана жергиликтүү бийлик органдарына кырсыктын кесепеттерин ыкчам түрдө жоюу, жабыркаган тургундарга бардык зарыл жардамдарды көрсөтүү боюнча чукул тапшырмаларды