Жумгалда 2 гектар жер мамлекетке кайтарылды

Жумгалда 2 гектар жер мамлекетке кайтарылды

Нарын облусунун Жумгал районунда мыйзамсыз менчиктештирилген 2 гектар жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Байзак айыл аймагындагы “Каражээк” участогунда жайгашкан ички жайыт чабынды жер мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткендиги аныкталган.

Бул боюнча Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматы сотко кайрылып, Жумгал райондук соту 2006-жылы түзүлгөн сатып алуу келишимин жокко чыгарды.

Натыйжада 2 гектар айыл чарба багытындагы жер толугу менен мамлекеттин балансына кайтарылды.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы 16-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, саламаттык сактоо объектилеринде, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотула турганыдыгын маалымдады. Билдирүүгө караганда, суу берүүнү токтотуу - Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол менен

Эмгек министрлигинде кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү менен жолугушуу болду

Эмгек министрлигинде кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү менен жолугушуу болду

11-сентябрда КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде чет өлкөлөрдө жашаган кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушуу министрдин биринчи орун басары Камчыбек Досматов менен болду. Анын жүрүшүндө министрдин орун басары мекендештер менен кызматташууну мындан ары чыңдоонун, алардын демилгелерин колдоонун жана Кыргызстан менен байланыштарды бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Мекеменин

2026-жылдын 8 айында Социалдык фонд 35 906 пенсиялык ишти карады

2026-жылдын 8 айында Социалдык фонд 35 906 пенсиялык ишти карады

Кыргызстандын Социалдык фонду 2026-жылдын январь-август айларында жалпы 35 906 пенсиялык ишти карады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, кароого пенсиялык иштердин алкагында жарандардын пенсия дайындоо жана буга чейин дайындалган пенсияларды кайра эсептөө боюнча кайрылуулар алынган. Социалдык фонддун маалыматына ылайык, 2026-жылдын август айында 2 119

Кыргызстандын экономикасы акыркы төрт жылда орточо 10,2% өстү

Кыргызстандын экономикасы акыркы төрт жылда орточо 10,2% өстү

Кыргызстандын экономикасынын өсүү темпи акыркы төрт жылда орточо 10,2%ды түздү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган иш-чаранын жүрүшүндө билдирди. Анын айтымында, 2026-жылдын январь-июль айларында ички дүң продукциянын реалдуу өсүү темпи 11,1%га жеткен. Президент бул көрсөткүч Борбор Азияда гана эмес, дүйнөдө