Бишкекте 10 жылдан бери чечилбей келген турак үй маселеси жөнгө салынды

Бишкекте 10 жылдан бери чечилбей келген турак үй маселеси жөнгө салынды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан дагы бир көп кабаттуу турак үй мыйзамдаштырылды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Министрликке караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин директорунун орун басары Руслан Суракматов жана Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы Мирлан Шайымкулов Ахунбаев көчөсү, 173 дарегинде жайгашкан 9 кабаттуу турак үйдүн жашоочулары менен жолугушуп, объекттин пайдаланууга берилгендиги тууралуу шайкештик акттысын тапшырды.

Белгилей кетсек, аталган турак үй 2014-жылы “Гарант Стиль Курулуш” ЖЧКсы тарабынан курулуп бүткөнүнө карабастан, ар кандай себептерден улам узак убакыт бою пайдаланууга берилбей келген. Мунун кесепетинен жашоочулар батирлерин өз атына каттай албай, тиешелүү документтерди алуу жана коммуналдык кызматтарды пайдаланууда кыйынчылыктарга туш болушкан.

Министрликтин өкүлдөрү турак жай расмий түрдө кабыл алынгандан кийин жашоочулар өз мүлкүн мыйзамдуу каттатып, коммуналдык кызматтарды кадимки тарифтер менен пайдаланууга мүмкүнчүлүк ала турганын белгилешти.

Белгилей кетсек, Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2025-жылдан бери өлкө боюнча көйгөйлүү көп кабаттуу турак үйлөрдүн маселелерин этап-этабы менен жөнгө салуу иштери жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Түркия жаңы экономикалык долбоорлорду талкуулады

Кыргызстан менен Түркия жаңы экономикалык долбоорлорду талкуулады

28-сентябрда Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТIКА) президенти Абдуллах Эрен менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалым болгондой, тараптар өнөр жай, энергетика, транспорт жана логистика, органикалык айыл чарба, жашыл экономика, адамдык капиталды өнүктүрүү жана чакан, орто бизнести колдоо багыттарында кызматташууну кеңейтүү

Ишкер Media
Курулуш министри Ош шаарындагы мыйзамсыз объектти текшерди

Курулуш министри Ош шаарындагы мыйзамсыз объектти текшерди

28-сентябрда Курулуш министри Нурдан Орунтаев жарандардын кайрылуусу боюнча Ош шаарындагы Курманжан-Датка 54 дарегиндеги курулуш объектисин жеринен текшерди. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маадымдалгандай, текшерүүнүн жыйынтыгында "Алтын Строй Групп" компаниясына аймакты мурдагы калыбына келтирип, бузулган тротуарды бир жумада оңдоп бүтүрүү тапшырылды. Ошондой эле жооптуу кызматкерлерге чара көрүлдү. Ош

Ишкер Media
Акцияларды чыгарууну мамлекеттик каттоонун жаңы тартиби бекитилди

Акцияларды чыгарууну мамлекеттик каттоонун жаңы тартиби бекитилди

Кече Министрлер Кабинети “Акцияларды чыгарууну, акцияларды ачык сунуштоо шарттарын, проспектти жана акцияларды чыгаруунун жыйынтыктарын мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтом кабыл алды. Билдирүүгө караганда, бекитилген жобо акцияларды чыгарууну, аларды ачык сунуштоо шарттарын, проспектти жана акцияларды чыгаруунун жыйынтыктарын мамлекеттик каттоонун бирдиктүү тартибин белгилейт. Документ ошондой эле баалуу кагаздар рыногунда

Ишкер Media
Кыргызстан менен Япония туризмдеги кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулады

Кыргызстан менен Япония туризмдеги кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулады

Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов Tourism Expo Japan көргөзмөсүнүн алкагында Япониянын Туристтик агенттиктер ассоциациясынын (JATA) өкүлдөрү Yuji Hara жана Tadashi Shimura менен жолугушту. Бул тууралуу агенттиктен билдиришти. Маалымдалгандай, тараптар кыргыз-япон туристтик кызматташтыгын кеңейтүү, Кыргызстандын туристтик потенциалын жапон рыногунда илгерилетүү жана туристтик алмашууну көбөйтүү маселелерин талкуулашты. Жолугушууда

Ишкер Media