Нарындагы Кызыл-Жылдыз каналын реконструкциялоо иштери аяктады

Нарындагы Кызыл-Жылдыз каналын реконструкциялоо иштери аяктады

Өлкө аймагында ирригациялык инфраструктураны жакшыртуу максатында суу каналдарын бетон полотнолору менен төшөө иштери активдүү жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Нарын облусундагы Кызыл-Жылдыз каналын реконструкциялоо долбоорунун алкагында каналдын ички бөлүгүнө бетон полотносун төшөө иштери толугу менен аяктады. Каналдын жалпы узундугу 2070 метрди түзүп, анын бардык бөлүгүнө бетон жабдыгы орнотулду.

Адистердин айтымында, жүргүзүлгөн иштер суунун жоготуусун азайтып, дыйкандарды сугат суу менен үзгүлтүксүз камсыздоого шарт түзөт. Буга чейин суунун бир бөлүгү жерге сиңип кетип, суу тартыштыгы жаралып келген болсо, эми мындай көйгөйлөрдүн алдын алуу мүмкүн болду.

Мындан тышкары, каналдын өткөрүмдүүлүгү жогорулап, сугат суу талааларга өз убагында жеткирилүүдө. Бул дыйкандардын эмгегин жеңилдетип, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн арттырууга өбөлгө түзөрү белгиленди.

Суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана ирригациялык системаларды модернизациялоо боюнча иштер мындан ары да улантылары маалымдалды.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

9-сентябрда Улуттук банкта коммерциялык банктардын өкүлдөрү үчүн "Санариптик активдер: коопсуздук, комплаенс жана көзөмөл" аттуу воркшоп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, иш-чарага блокчейн-технологиялар жана санариптик активдердин коопсуздугу боюнча эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү катышты. Воркшоп Улуттук банк менен CertiKтин

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 10-сентябрда "Бала ырысы" ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулунун кезектеги төлөмү каржыланганын билдирди. Маалымат базасы жаңыртылып, жарандардын арыздары иштелип чыккандан кийин төлөм алууга 232 229 алуучу түзүлдү. Каржылоонун жалпы суммасы 285 млн 588 миң 480 сомду түздү. Эске салсак, "Бала ырысы&

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдвын 19 ири компаниясынын жетекчилери менен жолугушту. Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууда кайра жаралуучу энергетика, жасалма интеллект, машина куруу, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы сыяктуу тармактардагы инвестициялык долбоорлор талкууланды. Компаниялардын арасында Tesla жана Apple компанияларына тетиктерди жана технологиялык чечимдерди жеткирген ишканалар

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн