ТМУ өлкөлөрү шаардык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча кызматташат

ТМУ өлкөлөрү шаардык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча кызматташат

Баку шаарында өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк шаарлар форумунун 13-сессиясынын алкагында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн “Урбанистика боюнча жогорку деңгээлдеги диалогу” уюштурулду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Жыйында шаарларды өнүктүрүү, туруктуу пландоо жана шаардык инфраструктураны жакшыртуу боюнча актуалдуу маселелер талкууланып, ТМУга мүчө мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо маселесине көңүл бурулду.

Иш-чаранын алкагында Азербайжандын павильонунда шаардык жана мейкиндиктик пландоо, ошондой эле шаарлардын туруктуу өнүгүүсү жаатындагы кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Курулуш министринин орун басары Талантбек Иманакун уулу сөз сүйлөп, шаарларды өнүктүрүү боюнча Кыргызстандын артыкчылыктуу багыттарын жана ТМУ алкагындагы кызматташуу боюнча сунуштарды билдирди.

Мындан тышкары, ТМУнун Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев Кыргызстандын улуттук павильонуна барып, урбанистика жаатындагы долбоорлор менен таанышты.

Белгилей кетсек, Бүткүл дүйнөлүк шаарлар форумунун 13-сессиясы Баку шаарында 17–22-май күндөрү өтүүдө. Форумда Кыргызстанды Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги өкүлчүлүк кылууда.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

9-сентябрда Улуттук банкта коммерциялык банктардын өкүлдөрү үчүн "Санариптик активдер: коопсуздук, комплаенс жана көзөмөл" аттуу воркшоп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, иш-чарага блокчейн-технологиялар жана санариптик активдердин коопсуздугу боюнча эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү катышты. Воркшоп Улуттук банк менен CertiKтин

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 10-сентябрда "Бала ырысы" ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулунун кезектеги төлөмү каржыланганын билдирди. Маалымат базасы жаңыртылып, жарандардын арыздары иштелип чыккандан кийин төлөм алууга 232 229 алуучу түзүлдү. Каржылоонун жалпы суммасы 285 млн 588 миң 480 сомду түздү. Эске салсак, "Бала ырысы&

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдвын 19 ири компаниясынын жетекчилери менен жолугушту. Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууда кайра жаралуучу энергетика, жасалма интеллект, машина куруу, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы сыяктуу тармактардагы инвестициялык долбоорлор талкууланды. Компаниялардын арасында Tesla жана Apple компанияларына тетиктерди жана технологиялык чечимдерди жеткирген ишканалар

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн