Соң-Көлдө мыйзамсыз балык уулоого шектелгендер кармалды

Соң-Көлдө мыйзамсыз балык уулоого шектелгендер кармалды

Туристтик-экологиялык милиция Соң-Көлдө ири көлөмдө мыйзамсыз балык уулоо фактысын аныктады. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-майда белгисиз жарандар мыйзамсыз балык уулап, аны сатып жатканы тууралуу ыкчам маалымат түшкөн. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө 21-майда Соң-Көл көлүнүн чыгыш жээгинен Нарын облусунун 1985, 1988, 1989 жана 1998-жылы туулган тургундары кармалган.

Текшерүү маалында алардан 198 даана сига лудога балыгы, 20 синтетикалык тор, эки үйлөтмө кайык, калактар, рация жана башка балык уулоочу шаймандар табылган.

Учурда бул факт боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп, соттук-ихтиологиялык экспертиза дайындалды. Ошондой эле мамлекетке келтирилген чыгымдын көлөмү аныкталууда.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргыз-беларусь биринчи аймактар аралык форумунда бир катар документтерге кол коюлду

Равшанбек Сабиров Кара-Балтадагы мунайды кайра иштетүүчү заводго барды

4 жылда Кыргызстан менен Беларусиянын өз ара сооданын көлөмү дээрлик 4 эсеге өскөн

Мамлекеттик сатып алуулар жана билим берүү жөнүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизилди

Президент ЖККУ жыйынына катышуу үчүн Москвага барды