Оштогу Жийделик жана Ош көчөлөрү кеңейтилип, заманбап көрүнүшкө ээ болот

Оштогу Жийделик жана Ош көчөлөрү кеңейтилип, заманбап көрүнүшкө ээ болот

Ош шаарындагы Ош жана Жийделик көчөлөрүн кеңейтүү, жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарларды куруу, аймактарды жашылдандыруу жана скверлерди уюштуруу боюнча эскиздик долбоорлор даярдалды.

Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, долбоорлорду министрликке караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы иштеп чыккан.

Учурда долбоордун алкагында жолду кеңейтүүгө байланыштуу объектилерди алуу жана бузуу иштери жүргүзүлүүдө.

Долбоорго ылайык, көчөлөр төрт тилкелүү болуп кайра курулат. Ошондой эле заманбап тротуарлар, жашыл аймактар, көчө жарыктандыруу системалары жана шаардык инфраструктуранын башка зарыл элементтери курулат.

Белгиленгендей, долбоор шаардык инфраструктураны жакшыртып, тургундар үчүн коопсуз, ыңгайлуу жана заманбап шаардык чөйрөнү түзүүгө багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте тынчтык мыйзамына жараша коомдук тартипти сактоо көзөмөлдөнүүдө

Бишкекте тынчтык мыйзамына жараша коомдук тартипти сактоо көзөмөлдөнүүдө

Бишкек шаарынын ИИББнын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, анын ичинде тынчтыкты жана коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу боюнча түшүндүрүү иштерине багытталган профилактикалык иш-чараларды өткөрүшүүдө. Шаардык милициянын маалыматына ылайык, иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери борбор калаадагы бир катар түнкү жана көңүл ачуучу жайларга барып, алардын ээлери, администраторлору жана кызматкерлери менен

Бажы кызматы: уюлдук телефон сатып алууда анын каттоодон өткөнүн текшериңиз

Бажы кызматы: уюлдук телефон сатып алууда анын каттоодон өткөнүн текшериңиз

Кыргызстанда уюлдук түзүлүштөрдү идентификациялоо боюнча жаңы талаптар 2025-жылдын август айынан тартып күчүнө кирген. Ушуга байланыштуу Бажы кызматы жарандарды смартфон сатып алууда анын расмий түрдө өлкөгө киргизилгенине жана каттоодон өткөнүнө көңүл бурууга чакырууда. Бул талаптардын негизги максаты — уюлдук түзүлүштөрдүн мыйзамдуу жүгүртүлүшүн камсыз кылуу, контрабандага бөгөт коюу жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо.

Россияда айдоочусу жок поезд сыноодон өтүп жатат

Россияда айдоочусу жок поезд сыноодон өтүп жатат

Россияда төртүнчү деңгээлдеги автоматташтыруу системасы менен жабдылган “Ласточка” электр поездин сынай башташты. Сыноолор Москвадагы борбордук шакек темир жолунда (МЦК) өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу РИА-Новости маалымдады. Билдирүүгө караганда, жаңы технологиянын өзгөчөлүгү — поездди башкаруу үчүн анын ичинде машинисттин болушу талап кылынбайт. Поезд өз алдынча ылдамдап, тормоз басып, эшиктерди ачып-жабат. Анын

Бостериде VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өттү

Бостериде VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өттү

2026-жылдын 6-7-августунда Ысык-Көл облусунун Бостери айылында өткөн VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өтту. Иш-чара Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алкагында уюштурулуп, ага Кыргызстан менен Россиянын мамлекеттик органдарынын, бизнес ишканаларынын, өнүктүрүү институттарынын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Форумдун биринчи күнүнүн жыйынтыгында бир катар келишимдерге кол