Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган алтын монета жүгүртүүгө чыгарылды
Улуттук банк 3-августтан тарта "Тарыхый окуялар" сериясындагы "Эгемен Кыргыз Республикасына 35 жыл" аттуу алтын коллекциялык монетаны жүгүртүүгө чыгарды.
Улуттук банктын маалыматына ылайык, монета Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган. Ал Кыргызстандын аймагында расмий төлөм каражаты макамына ээ.
Ар бир коллекциялык монета акрил капсулага салынып, сапат сертификаты менен кошо атайын кутучада сатылат.
Монетаны Улуттук банктын мекемелеринин кассаларынан иш күндөрү саат 09:00дөн 14:00гө чейин сатып алууга болот. Анын баасы 99 460 сомду түзөт.

