Ак-Ордо конушунда 4 мектеп жана 2 бала бакча курулуу каралган

Ак-Ордо конушунда 4 мектеп жана 2 бала бакча курулуу каралган

Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушунда буга чейин мектеп болгон эмес. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен конушка 4 мектеп жана 2 бала бакча куруу каралган. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, сентябрь айында №104 мектептин 750 орундуу биринчи корпусу пайдаланууга берилген. Экинчи корпус ноябрда тапшырылат. Дагы бир мектептин курулушу 95% бүтүп, жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет.

Жаңы мектептер бүткөнчө №104 мектепте окуу бир нече нөөмөттө уюштурулууда. Бул убактылуу чара. Мындан тышкары конушта 2 бала бакча курулуп, пайдаланууга берилди.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Өлкөдө 10 айда курулуш тармагы 61,5 %га өстү

Быйыл өлкөдө 742,5 миң тонна буудай жыйналды

Финкөзөмөл Мамлекеттик лотерея компаниясын пландан тышкары текшерүүнү баштады

Саламаттык сактоо министрлиги: Курултайда көтөрүлгөн тапшырмалар 75% аткарылды

Акыркы 5 жылда мугалимдердин айлыгы эки эсеге өстү