Кыргызстандын аскер контингенти ЖККУнун машыгууларына катышат
Коргоо министрлигинин аскер контингенти ЖККУга мүчө мамлекеттердин биргелешкен машыгууларына катышат. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, машыгуулар 20-сентябрдан 3-октябрга чейин өтөт. Кыргызстандын аскерлери машыгуу өтүүчү жерге 20-сентябрда жөнөп кетишти.
Контингент "Взаимодействие-2026", "Поиск-2026" жана "Эшелон-2026" биргелешкен машыгууларына, ошондой эле "Центр-2026" стратегиялык командалык-штабдык машыгуусуна катышат.
Машыгуулар Орусиянын Чебаркуль полигонунда өткөрүлөт.