"Ала-Тоо Резорттун" ачылышына 15 миңдей турист келери күтүлүүдө
1-декабрда өтө турган "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа курортунун эл аралык ачылыш аземине 15 миңдей турист келери күтүлүүдө. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Эдуард Кубатов "Ачык кабинет" программасынын алкагында журналисттер менен бир күндүк иш сапары учурунда билдирди.
Анын айтымында, курорттун ачылышына жана БУУнун эл аралык туризм форумуна даярдык көрүү агенттиктин ыкчам кеңешмесинде негизги маселе катары каралган.
Ачылыш аземине карата курорттун аймагында 2000 чарчы метр аянтты ээлеген эл аралык экспо борбору курулууда. Анда туристтик көргөзмө, тамактануучу жайлар, баарлашуу жана эс алуу зоналары жайгашат.
Мындан тышкары, 20дай визит-борбор уюштуруу жана даараткана орнотуу пландалууда. Бул объектилер көп сандагы туристтерди тейлөө үчүн каралган.
Иш-чарага дүйнөгө белгилүү 50гө жакын саякатчы-блогер жана журналист чакырылууда. Ошондой эле Маданият министрлиги жана Президенттин администрациясы аркылуу дагы 120дай журналисттин келиши күтүлүүдө.
Ардактуу коноктордун арасында Австриянын тоо лыжачысы, үч жолку Олимпиада чемпиону Герман Майер да болот.
Ачылыш аземине карата чоң маданий программа даярдалып, эл аралык деңгээлде өтүлүүсү пландалууда. "Бишкек Арена" стадионунун ачылышы жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы сыяктуу жогорку деңгээлде уюштурулуп жатканын кошумчалады жетекчи.