Бишкекте көп жылдан бери көйгөйлүү болгон турак үй пайдаланууга берилди

Бишкекте көп жылдан бери көйгөйлүү болгон турак үй пайдаланууга берилди

Бишкек шаарынын Көк-Жар айылындагы Сейтек көчөсү 3 дарегинде жайгашкан 9 кабаттуу турак үй расмий түрдө пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Бакай Турдугулов жана Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин директору Марат Акназаров объектке пайдаланууга берүү актысын тапшырышты.

Маалыматка ылайык, турак үй “Аю Курулуш” ЖЧКсы тарабынан курулган. Бирок узак убакыт бою объектти пайдаланууга берүү маселеси чечилбей келген. Мунун негизги себеби катары долбоордон тышкары мыйзамсыз кошулган 10-кабат болгон.

Жолугушуунун жүрүшүндө Бакай Турдугулов 2025-жылдан бери мамлекет башчысынын тапшырмасы менен көйгөйлүү курулуш объекттерин этап-этабы менен жөнгө салуу иштери жүрүп жатканын белгиледи.

Белгилей кетсек, турак үй расмий кабыл алынбагандыктан, жашоочулар батирлерин өз атына каттай албай, документтерди алууда кыйынчылыктарга туш болуп келген. Ошондой эле коммуналдык кызматтар үчүн жогорулатылган тарифтер менен төлөп келишкен.

Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында объект мыйзамдаштырылып, тургундарга мүлкүн каттоого жана коммуналдык кызматтарды кадимки тариф менен пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Мындан тышкары окуңуз

Тамчыдагы курулушта экологиялык мыйзам бузулуп, 28 миң сом айып салынды

Тамчыдагы курулушта экологиялык мыйзам бузулуп, 28 миң сом айып салынды

Ысык-Көл районунун Тамчы айылындагы курулуш объектисинде экологиялык талаптар бузулганы аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги кабарлады. Маалыдалгандай, жергиликтүү тургундун кайрылуусунан кийин жүргүзүлгөн текшерүүдө курулуш компаниясынын септиги жана саркынды сууларды башкаруу талаптарга жооп бербегени белгилүү болду. Натыйжада Укук бузуулар кодексине ылайык компанияга 28 000 сом айып салынды. Ошондой эле септиктеги

Ишкер Media
Бир күндүк жумушчулар үчүн салык төлөөнүн жеңилдетилген тартиби киргизилет

Бир күндүк жумушчулар үчүн салык төлөөнүн жеңилдетилген тартиби киргизилет

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков бир күндүк жалданма жумушчулар үчүн салык төлөөнүн жеңилдетилген тартибин киргизүү сунушталып жатканын билдирди. Бул тууралуу Салык кызматынын маалымат кызматы кабарлады. Ысабековдун айтымында, азыр такси жана курьерлер үчүн салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөнүн жөнөкөй механизми иштеп жатат. Эми ушул

Ишкер Media
Такси жана курьерлер расмий иштеп, пенсия менен камсыз болушат

Такси жана курьерлер расмий иштеп, пенсия менен камсыз болушат

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков такси жана курьердик тармактагы салык төлөмдөрү тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы кабарлады. Исабековдун айтымында, такси жана курьерлерден салык түшпөйт деген пикир туура эмес. Бул тармакты легалдаштыруу үчүн Салык кодексине өзгөртүү киргизилип, жаңы механизм

Ишкер Media
Бишкекте мыйзамсыз алынган 5 тонна эндик өсүмдүгүнүн тамыры өрттөлдү

Бишкекте мыйзамсыз алынган 5 тонна эндик өсүмдүгүнүн тамыры өрттөлдү

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан Бишкектин Пригород айылында сатууга жана өлкөдөн чыгарууга даярдалган 5 тонна эндик өсүмдүгүнүн тамыры мыйзам талаптарына ылайык жок кылынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, 5 тонна тамыр соттун чечими жана экологиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, атайын комиссиянын катышуусунда Бишкек санитардык полигонунун таштандыны кайра

Ишкер Media