Мамлекеттик органдарды, ЖОЖдорду Токмокко көчүрүү демилгеленди

Мамлекеттик органдарды, ЖОЖдорду Токмокко көчүрүү демилгеленди

Жогорку Кеңештин депутаты Медербек Саккараев жыйын учурунда айрым жогорку окуу жайларын Токмок шаарына көчүрүү демилгесин көтөрдү. Эл өкүлү көптөгөн өлкөлөрдө атайын студенттик шаарчаларды түзүү тажрыйбасы бар экенин белгиледи.

"Эгерде биз Токмокту студенттик шаарчага айландырсак, бул абдан жакшы болот, себеби ал борбор калаага жакын жайгашкан. Ошондой эле айрым мамлекеттик органдарды, анын ичинде облустук деңгээлдеги аппаратты – Чүй облусунун администрациясын Токмокко көчүрүүнү сунуштайм. Бул бош турган мамлекеттик объекттерди натыйжалуу пайдаланууга, борбор калаадагы жүктөмдү азайтууга жана Токмок шаарынын макамын көтөрүүгө шарт түзөт. Ошондой эле чакан жана орто бизнестин өсүшүнө, аймактар үчүн билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө болот", - деди депутат.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Кыймылсыз мүлк

Акыркы жаңылыктар

Баары

Асеин Исаев Кыргыздын Бельгиядагы элчиси болуп дайындалды

Кыргызстан менен Тажикстан финансылык кызматташтыкты талкуулашты

Бишкекте унаасын туура эмес жерге токтоткон 14 айдоочу айыпка жыгылды

Москвадан Бишкекке учмакчы болгон жарандын 136 млн рубли конфискацияланды

Импорттоочулар товарларын 2027-жылга чейин каталогго киргизиши керек