Жогорку Кеңеш шаар куруу, архитектура жана курулуш ишмердигинин негиздери тууралуу мыйзам долбоорун четке какты

Жогорку Кеңеш шаар куруу, архитектура жана курулуш ишмердигинин негиздери тууралуу мыйзам долбоорун четке какты

Жогорку Кеңеш 2026-жылдын 29-апрелинде шаар куруу, архитектура жана курулуш ишмердигинин негиздери тууралуу мыйзам долбоорун четке какты. Парламенттин сайтындагы маалыматка ылайык, мыйзам долбоорунун демилгечилери мурунку чакырылыштагы 15 депутат болгон.

Демилгечи депутаттардын маалыматы боюнча, мыйзам долбоору 5 бөлүмдөн, 11 бөлүмчөдөн жана 58 беренеден турат:

I бөлүм — жалпы жоболорду камтыйт. Анда максаттар жана милдеттер, негизги принциптер жана түшүнүктөр, укуктук мамилелер, мамлекеттик саясат, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын ыйгарым укуктары, жөнгө салуу механизмдери, субъекттердин укук-милдеттери жана башка маселелер аныкталат.

II бөлүм — шаар куруу ишмердигин маалыматтык камсыз кылуунун негиздерине арналган. Бул мамлекеттик шаар куруу кадастры аркылуу ишке ашырылып, тармакты санариптештирүүгө шарт түзөт. Ошондой эле бул бөлүмдө шаар куруу документтеринин статусу жана иерархиясы, Шаар куруу кеңешинин ишмердигин мыйзамдаштыруу, шаар куруу объекттери, көрктөндүрүү, инженердик-техникалык жана транспорттук инфраструктура, автордук укук жана көзөмөл маселелери каралган.

III бөлүм — шаар куруудагы трансформациялык процесстерди (реконструкция, модернизация, жаңылоо, реставрация) жөнгө салуучу нормаларды камтыйт. Бул турак жай жана инфраструктура фондунун эскиришин жоюу, жарандардын жашоо шарттарын жакшыртуу жана шаар аймактарын жаңылоого багытталган. Ошондой эле эски райондорду жаңылоо, көчүрүү жана бузуу учурунда тургундардын укуктарын коргоо, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) аркылуу инвестиция тартуу каралган.

IV бөлүм — курулуш ишмердигинин негизги эрежелерин жөнгө салат. Анда башкы подрядчынын ролу, техникалык көзөмөл, курулуш объекттерин пайдаланууга кабыл алуу тартиби жана мөөнөттөрү, курулушту токтотуу, консервациялоо, демонтаж жана бузуу, авариялык кырдаалдардагы аракеттер жана чечим кабыл алуу мөөнөттөрү аныкталат.

V бөлүм — шаар куруу, архитектура жана курулуш тармагындагы субъекттердин жоопкерчилигин белгилөөгө, ошондой эле эл аралык кызматташтыкты жөнгө салууга багытталган. Бул бөлүмдө чет өлкөлүк адистер иштеп чыккан долбоорлорду жана курулуш технологияларын колдонуу маселелери да камтылган.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Түркия жаңы экономикалык долбоорлорду талкуулады

Кыргызстан менен Түркия жаңы экономикалык долбоорлорду талкуулады

28-сентябрда Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТIКА) президенти Абдуллах Эрен менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалым болгондой, тараптар өнөр жай, энергетика, транспорт жана логистика, органикалык айыл чарба, жашыл экономика, адамдык капиталды өнүктүрүү жана чакан, орто бизнести колдоо багыттарында кызматташууну кеңейтүү

Ишкер Media
Курулуш министри Ош шаарындагы мыйзамсыз объектти текшерди

Курулуш министри Ош шаарындагы мыйзамсыз объектти текшерди

28-сентябрда Курулуш министри Нурдан Орунтаев жарандардын кайрылуусу боюнча Ош шаарындагы Курманжан-Датка 54 дарегиндеги курулуш объектисин жеринен текшерди. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маадымдалгандай, текшерүүнүн жыйынтыгында "Алтын Строй Групп" компаниясына аймакты мурдагы калыбына келтирип, бузулган тротуарды бир жумада оңдоп бүтүрүү тапшырылды. Ошондой эле жооптуу кызматкерлерге чара көрүлдү. Ош

Ишкер Media
Акцияларды чыгарууну мамлекеттик каттоонун жаңы тартиби бекитилди

Акцияларды чыгарууну мамлекеттик каттоонун жаңы тартиби бекитилди

Кече Министрлер Кабинети “Акцияларды чыгарууну, акцияларды ачык сунуштоо шарттарын, проспектти жана акцияларды чыгаруунун жыйынтыктарын мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтом кабыл алды. Билдирүүгө караганда, бекитилген жобо акцияларды чыгарууну, аларды ачык сунуштоо шарттарын, проспектти жана акцияларды чыгаруунун жыйынтыктарын мамлекеттик каттоонун бирдиктүү тартибин белгилейт. Документ ошондой эле баалуу кагаздар рыногунда

Ишкер Media
Кыргызстан менен Япония туризмдеги кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулады

Кыргызстан менен Япония туризмдеги кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулады

Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов Tourism Expo Japan көргөзмөсүнүн алкагында Япониянын Туристтик агенттиктер ассоциациясынын (JATA) өкүлдөрү Yuji Hara жана Tadashi Shimura менен жолугушту. Бул тууралуу агенттиктен билдиришти. Маалымдалгандай, тараптар кыргыз-япон туристтик кызматташтыгын кеңейтүү, Кыргызстандын туристтик потенциалын жапон рыногунда илгерилетүү жана туристтик алмашууну көбөйтүү маселелерин талкуулашты. Жолугушууда

Ишкер Media